Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:51

Бензин: кимде кымбат, кимде арзан?


"Газпромдун" май куюучу жайы
"Газпромдун" май куюучу жайы

Дүйнөдө мунай баасы эки эсе түшүп, 50 долларга бааланууда. Ага жараша бир катар өлкөлөрдө бензин сезилерлик арзандады. Кыргызстанда болсо күйүүчү май баалары эки айдан бери төрт сомдун тегерегинде гана ылдыйлаган.

Дүйнөдөгү мунай баасы эмне үчүн Кыргызстандагы күйүүчү майларга таасир этпей жатат?

АКШнын Чикаго шаарында жашаган Жакшылык Турсунакунов ал жактагы бааларды билип берди:

- Акыркы эки айда бензин эки эсеге жакын арзандады десек болот. Мурун Чикагодо 1 галлон (1 галлон = 3,79 литр) 4 долларга чейин болсо, азыр 1 галлонду 2,35-2,50 долларга тапсак болот. Кыргыз акчасына эсептегенде 1 литр бензиндин баасы 35 сом болуп калат, мурун 60 сомдун тегерегинде болчу.

Түштүк Кореядан Айбек Акылов:

- Октябрь айларында 1 литр бензин корей акчасы боюнча 1800 вон, же сомго алганда 100 сомдун тегерегинде сатылып келген. Ушул тапта 1 литр бензин 1480 вон же, 82 сомдун тегерегинде сатылып жатат.

Англияда жашап, такай унаа айдаган Назгүл Кыштообаева ал жактагы бааларга сереп салды:

Англиядагы бензиндин баасы
Англиядагы бензиндин баасы

- Бир-эки ай мурун кымбат болчу. Азыр абдан эле арзандап кетти. Машине ээлери аябай сүйүнүп жатабыз. Эң кымбаттаганда 1,41 фунтка чыккан. Андан кийин 1,35ке түшүп, андан кийин дагы арзандап отуруп, азыр 1,10 фунтка түштү.

Демек Англияда бензин мурда 130 сом болсо, азыр 100 сомдун айланасында экен. Мунайлуу Казакстанда эл эң көп колдонгон АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 34-35 сомго барабар болууда. Ал эми башка кара майга карк өлкөлөрдөгү, же ага кошуна мамлекеттердеги бензиндин баасына ич күйгүдөй.

Астанадагы бензиндин баасы
Астанадагы бензиндин баасы

Кыргызстанда өткөн жылы бензин баасы 23 пайызга өсүп, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин Бишкекте 49,90 сомго чаап барган. Ушу тапта, арзандагандан кийинкиси 46,40 сом.

Эмне үчүн Кыргызстан башка өлкөлөр сыяктуу бензинди кескин арзандатып, элин кубандырбайт. Анын үстүнө Орусиядан күйүүчү май Кыргызстанга бажы алымысыз чыгат эмеспи. Өлкөнү күйүүчү май менен камсыздаган монополист ишкана “Газпромдун” маалымат катчысы Арзымат Алдаяров:

- “Газпромнефть Азия” компаниясы бензинди Орусиядагы заводдордон алат. Алар берген баага салыкты, бажыны, биздин рентабелдүүлүктү кошобуз. Кыргызстандагы баа ошондон келип чыгат. Орусиялык заводдор бизге АИ-92 үлгүсүндөгү 1 тонна бензинди 640 доллардан берет. Мунайдын баасына биздин тиешебиз жок.

Антимонополдук агенттик жетекчиси Болсунбек Казаков да мунай баасы күйүүчү майга таасир этпейт деген маалымат берүүдө:

- Бензиндин баасынын структурасын карап көрсөк, 9,5% мунайдын баасына байланат экен. Калганы акциз, транспорт чыгымдары, мунайды кайра иштетүүдөгү чыгымдар. Мунай түшөбү, жогорулайбы, бензиндин баасына байланышы жок.

Анткен менен өткөн жылы дүйнөдө кара май баасы төмөндөп жатканда Кыргызстанда бензиндин баасы жогорулоо үстүндө болгону таң калтырбай койбойт. Депутат Өмүрбек Абдрахманов монополия шартында бааны каалаган убакта каалагандай өзгөртө беришет деген жүйө келтирип, күйүүчү майды монополист компания камсыздап жатканына сын айтууда:

Өмүрбек Абдрахманов
Өмүрбек Абдрахманов

- Монополия эч качан жакшылык кылбайт, атаандаштык болмоюнча өнүкпөйт. Антимонополдук комитет 35 пайызын, маселен Казакстанга, 35ин Орусияга, дагы калганын башка бирөөгө берели деш керек болчу. Мындай шартта ошол үчөөнүн ортосунда атаандаштык жүрүп, эл пайда тапмак. Азыр бир гана мамлекеттин көзүн карап калдык.

Деген менен күйүүчү майдын баасы Кыргызстандын кошуналары болгон Тажикстан менен Өзбекстанда да жогору бойдон калууда. Маселен, Өзбекстанда өткөн жылдын башында 44 сом болсо, ушу тапта 54 сомдон сатылууда. Ал эми Тажикстанда да бензин кымбатчылык капшабына кабылып, ушу тапта 80 сомго чаап барды.

Кыргызстандагыдай эле бул мамлекеттер да жашоо-турмуш күйүүчү-майлоочу майдын баасынан көз каранды. Анын баасы көтөрүлсө тамак-аш баалары, кызмат көрсөтүү акысы да жогорулайт.

Кыргызстанда күйүүчү майдын кымбаттыгынан улам эл арасында чөнтөк телефондогу Whatsapp тиркемеси аркылуу "Газпромдон" май куйбай коюуга чакырган СМСтер таратылууда. Бирок элдин "Газпромдон" башка тандоосу дээрлик жок.

Бийлик болсо Кыргызстанга май ташыган альтернативдүү булак жок деп алакан жаюуда. Ал эми "Газпром" алдыңкы айда бензин дагы бир сомдон көбүрөөк гана төмөндөй турганын алдын ала билдирди.

XS
SM
MD
LG