Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Түркиядагы элди кыйнаган кымбатчылык


Түрк лирасы.
Түрк лирасы.

Түркияда жылдык инфляция октябрда 25,2% жетти. Бул Эрдоган бийликке келгенден берки эң жогорку көрсөткүч катары бааланып жатат. Инфляция же баалардын көтөрүлүп, улуттук акчанын нарксызданышы ириде карапайым элди кыйнады.

Кирешенин берекеси кетти

Стамбулдагы базарлардын бири. Товар кенен, аларман сейрек. Соодагерлердин маанайы суз.

Дилбер Йаг колго түйүлгөн кийимдерди сатат. Көз айнегин тагынып алып кабарчы барган учурда да кичине кызга жемпир токуп отурган экен:

- Сатып алуу мүмкүнчүлүгүбүз нөлгө түштү. Эчтеке алалбай жатабыз. Алганыбызды эч жерде саталбай калдык. Мен эле эмес, маңдайымдагы гезитчинин, азык-түлүк дүкөндүн абалы да ушундай. Азыр баарыбыз бопбошпуз. Кардар жок. - деп арызданды ал.

түрк базары
түрк базары

Башка бир улгайып калган Эйүп Өзен аттуу киши да кирешесинин берекеси кетип, бааларга алы жетпей баратканын жашырбады:

- Албетте, карапайым адам катары мен үчүн абдан жогору. Жумушчу класс, пенсияга чыккандарга бул абал оор таасир этип жатат. Чынында кыйынчылыктабыз.

Элде сатып алууга мүмкүнчүлүк калбай баратышы – улуттук акчанын алсырашынан улам.

Быйыл 1-январда 1 доллар – 3 лира 70 курушка барабар болчу. Ушул шейшембиде 5 лира 30 куруштун тегерегинде болду. Бул да оңолуп калгандагысы. Августта 1 доллар 7 лирага чейин чыгып барган.

Түркия сыртка товар сатканга караганда көбүрөөк сатып алат. Улуттук валюта арзандаганда импорттук товарлардын баасы автоматтык түрдө өстү.

Ага удаа жергиликтүү өндүрүмдөрүн да баасы көтөрүлдү. "Рейтердин" маалыматына караганда, ушу тапта өндүрүш товарлары өткөн жылга салыштырмалуу орточо 45% кымбаттады.

- Бул 15 жылдан берки эң жогорку инфляция. 25% деген абдан жогору жана баага таасирин тийгизет. Мисалы мурда 5 лирага беш алма сатып алсак, азыр төртөө эле келет, – деди базарда жемиш алып жүргөн Хулие Айаноглу. Ал өзүн брокер деп тааныштырды.

Министрдин аракети

Түрк каржы министри Берат Албайрак президент Режеп Тайип Эрдогандын күйөө баласы, ишенимдүү адамы. Быйыл 10-июлда Каржы министрлигине келген.

Берат Албайрак
Берат Албайрак

Министр Албайрак баалардын көтөрүлүшүнө каршы күрөштү октябрда жарыялаган. Ал өлкөдөгү ишкерлерди товарларын жана тейлөөнү жыл аягына чейин 10% арзандатууга чакырууда. Министрдин ишениминде бул инфляция темпин жайлатышы керек.

Баа, лиранын курсу тууралуу A Haber телеканалына дүйшөмбүдө маек берип жатып “ноябрь менен декабрда кыйла позитивдүү көрсөткүч болот”, - деди Берат Албайрак.

Келе жаткан айларда аз-маз жылыш болгону менен абал олуттуу өзгөрөрүнө ишеним аз:

- АКШ менен Түркиянын ортосундагы соода талашын эстесеңер. Дүйнөдөгү эң ири экономика менен тирешип турсаң, инфляцияң 25% ашып баратса – бул албетте олуттуу проблема жаратат. Демек мунун арты абдан кооптуу болушу мүмкүн, – дейт AxiTrader брокердик компаниясынын талдоочусу Жеймс Хаггис.

Саясатка чалынган лира

Лира быйыл январдан тарта эле арзандап баштаган. Бирок августтагы аз күндө болуп көрбөгөндөй түшкөнүн жогоруда мисал келтирдик.

Буга Түркиянын тыңчылык жана терроризмге айыпталган америкалык диниятчы Эндрю Брансонду бошотпосун билдиргени себеп болду. Ага ачууланган АКШ бийлиги түрк алюминийи менен болотуна бажы алымын көтөрүп, министрлерине санкция салды. Анкара жооп кылып америкалык товарларга бажы алымын эселеп көтөрдү.

Октябрда динаятчы Брансон акыры бошотулуп, мекенине кетти. Бирок бажы алымдары, санкциялар алынбады. Тиреш дегенде Жеймс Хаггис ушуну эске алууда.

Лиранын куну кеткени түрк компанияларын да кыйнады. Ички банктарда үстөк пайыз жогору болгондуктан, ишкерлер Европадан арзан насыяларды алышкан. Анын жалпы көлөмү 200 млрд. доллардан ашты. Мунун үстөгүн төлөө үчүн кайра эле доллар же евро алганга туура келет. Ал айланып келип эле чет элдик валютага талапты күчөтөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG