Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

УКМКдан менчик ооруканага жеткирилген шектүүлөр


Кубанычбек Жумалиев жана Райымбек Матраимов. Коллаж.
Кубанычбек Жумалиев жана Райымбек Матраимов. Коллаж.

Коррупцияга шек саналып камалган Райымбек Матраимов менен Кубанычбек Жумалиевдин жеке менчик ооруканада дарыланып жатканы коомчулукта талкууга жем таштады.

Оор беренелерге айыпталган адамдарга карата укук коргоо органдарынын бул чечими канчалык туура? Менчик ооруканада дарыланууга мыйзам жол береби?

Абактан ооруканага которулгандар

Кылмыштуу кирешелерин легалдаштырууга (адалдоого) шек саналып жаткан Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов ушул күндөрү Бишкектеги жеке менчик «Бикард» клиникасында дарыланууда.

Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан жеке менчик ооруканага которулганы тууралуу маалымат 24-февралда тарап, бирок атайын кызмат жана Матраимовдун жакындары аны тактаган эмес.

3-мартта гана «Бикард» кардиологиялык клиникасынын башкы дарыгери Дамир Осмонов журналисттерге Райымбек Матраимов алардын көзөмөлүндө экенин айтты. Аталган клиниканын өкүлү Елена Баялинова «Азаттыкка» Матраимовдун абалы улам өзгөрүп жатканын билдирди.

«Бишкектеги «Бикард» кардиологиялык клиникасынын башкы дарыгери айткандай, бейтап ооруканага кан басымы оор абалда келип түштү. Кан басымы улам түшүп, көтөрүлүп, бейтаптын абалы туруктуу болбой жатат. Ал шашылыш түрдө текшерүүгө алынып, коронарография жасалууга муктаж. Балким, башка да анализдер талап кылынат, бөйрөк кан тамырлары текшерилет. Абалы ушундай болгондуктан жакшы болгончо медициналык кароого алынат».

УКМК Райымбек Матраимовду 18-февралда кармаган. 20-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эки айга камакта калтырган. Ал көп өтпөй менчик ооруканага дарыланууга жатканы белгилүү болду.

«Бикард» клиникасында коррупцияга айыпталган Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев да ден соолугун чыңдап атат. Бул маалыматты «Азаттыкка» депутаттын адвокаты Майрамбек Шербакунов ырастады.

«Үчүнчү даражадагы гипертония - жүрөгү ооруп жатат. Өкмөттүн №226 токтомуна ылайык, аны бул оорусу менен абакта кармаганга болбойт. Соттор ага карабай эле чечим чыгарып коюшпадыбы. Эртең ага бир нерсе болсо жоопкерчиликти ким алат? Эми каны кандай айланып жатканын текшериш үчүн Жумалиевди коронарографиядан өткөрүш керек экен».

Майрамбек Шербакуновдун маалыматы боюнча, Кубанычбек Жумалиев ооруканага 25-же 26-февралда которулган.

Абакта жаткан шектүүнүн ден соолугу начарлаган учурда ал дарыгерлердин кароосунан өтүп, муктаждык болсо тергөөчүнүн чечими менен ооруканага жаткырылат.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы Матраимов менен Жумалиев ооруканага эмненин негизинде, качан которулганы тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартты. Аларды ооруканада атайын кызматтын кызматкерлери күзөтүүдө.

Шектүү менчик ооруканага жатса болобу?

«Депутат менен мурдагы бажычынын жеке менчик клиникада дарыланышы канчалык мыйзамдуу?» деген суроолор берилүүдө. Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Феликс Кулов буга юридикалык жактан бөгөт жок экенин айтууда.

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

«Экөө тең мурда дарыланып жүргөн өздөрүнүн дарыгерлерине барып дарыланса бул нормалдуу эле көрүнүш. Укук коргоо органдарынын аларга карата гумандуу мамилеси. Мыйзам ага тыюу салбайт. Болгону ооруканада күзөтчүлөр болушу керек. Бирок мындай практиканы мен биринчи жолу көрүп атам. Мисалы, мен түрмөдө жатканда мамлекеттик ооруканада дарылангам. Менчик ооруканада дарылануу бизде такыр боло элек болчу. Азыр башка заман келди. Мүмкүн мамлекеттик ооруканада дары жок же аппарат жетишпейт. Бирок моралдык жактан туура эмес».

Кыргызстанда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев, мурдагы өкмөт башчылар Мухаммедкалый Абылгазиев, Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон жоон топ мурдагы чиновниктер абакта жатат. Былтыр ноябрда Улуттук госпиталда Сатыбалдиев жүрөгүнөн операция болгон.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2018-жылдары түрмөдө отурганда Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулуп, бир нече жолу дарыланып чыккан.

Адатта Кыргызстанда аткаминерлер абакка түшкөндө ден соолугуна арызданат. Адвокат Замир Жоошев тергөө абагындагыларды ооруканага жаткырууда тандалма мамиле болбошу керек дейт.

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

«Мамлекеттик ооруканалар турганда менчик ооруканага жаткырууга мыйзам жол бербейт. Шектүүлөр ооруканада укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кайтаруусунда болуп дарыланып бүткөндө дароо СИЗОго кайтарылыш керек. Менчик ооруканага бир гана учурда которсо болот – мамлекеттик ооруканада дарылоого шарт жок болсо. Булар (ред: Райымбек Матраимов менен Кубанычбек Жумалиев) ошончолук эле катуу ооруп жатыптырбы? Бул деген камактагы айрым адамдарга артыкчылык берүү, аларга шарт түзүү».

Абактагы мамилени эске салган маселе

Оор беренелерге шек саналып жаткан эки адамдын өзгөчө мамиле менен жеке менчик ооруканаларда дарыланышы жалпы эле жабык жайларда жаткандардын маселесин козгоду. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев 4-мартта Жогорку Кеңештин сессиясында сүйлөп, бийлик жемкорлорго кош стандарттуу мамиле кылып жатат деп сынга алды.

«Коррупция менен күрөшкө түшүнбөй калдым. Акчасы барлар үйүндө же менчик клиникаларда жатат. Тескерисинче, бийликке каршы митингди уюштуруп, ошол жерде биздин кесиптештер жүрүшөт. Президенттин саясатын мактап, элге барып башка маалыматты берип атышат. Киши өзү «мен коррупционермин» деп айтып атса, булар бийликке каршы чыгып отурушат. Таптакыр түшүнбөй калдым. Бийлик менен мамилеси жакшы. Ошол эле кезде элге коррупционерди коргоп маалымат берип атышат. Бул туура эмес. Коррупционерлерге карата теңсиздик мамиле»

28-февралда Ошто Райымбек Матраимовду колдоо боюнча митингге катышып, сөз сүйлөгөн депутат Таабалды Тиллаев Бекешевге минтип жооп кайтарды:

Таабалды Тиллаев.
Таабалды Тиллаев.

«Ким кайсы митингге барып, кимди колдойт, ар кимдин өз иши. Өзү жооп берет. Ар кандай саясат кылып, кызматташтарга тийишпей жүрсөк. Бул жерде кумсаларды колдогондор да бар».

«Элдик фронт» коомдук кыймылынын жетекчиси, УКМКнын мурдагы кызматкери Абдымалик Мырзаев бийликти күч менен басып алууга айыпталып 2014-жана 2017-жылы абакка отуруп чыккан. Ал жабык жайдагы абал тууралуу буларды айтып берди.

«Коррупция түрмөдө күчөп кеткен. Абактын башчылары, уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү ага аралашат. Түрмөдө акчасы бар адамдарга болгон шартты түзүп беришет. Сыналгы коюп берип, камераларды оңдошот. Акчасы жоктордун жашоосун көрүп зээниң кейийт, мен мунун баарын өз башыман өткөргөм. Алар түзүгүрөөк тамак да жебейт. Бийликтин тапшырмасы менен кармалгандар абакта өзүн-өзү дарылап эле отурат».

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-февралда Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып, буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Кийин кылмыштуу кирешелерин легалдаштырууга байланыштуу дагы бир иш козголгон.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевге «Коррупция» беренеси менен айып тагылган. Ал бир катар кыймылсыз мүлк объектилерин мыйзамсыз менчиктештирип алган деп шек саналууда.

XS
SM
MD
LG