Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Өмүрбек Текебаев абактан ооруканага которулду


Өмүрбек Текебаев сот залында.
Өмүрбек Текебаев сот залында.

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев абактан ооруканага которулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

- Бүгүн консилиум болуп, Өмүрбек Текебаевге аритмия, стенокардия гипертония деген оорулардын диагнозу коюлуп, Улуттук кардиология борборуна которулду, - деди Шыкмаматов.

Өмүрбек Текебаев быйыл 31-июлда №47 абактан Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулуп, неврология бөлүмүндө дарыланган. Августтун этегинде онколог-дарыгерлер ага калкан безиндеги шишикти операция жолу менен алууну сунуш кылышкан. Бирок саясатчы макулдугун берген эмес. Текебаевдин стационарда дарылануу курсу аяктаганына байланыштуу ал 14-сентябрда кайра ооруканадан №47 колонияга которулган.

Текебаев "орусиялык ишкерден 1 миллион доллар акча алды" деген айыптын негизинде 2017-жылы камакка алынган. Өзү болсо бардык айыптарды четке кагып, муну саясий куугунтук катары баалап келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG