Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

Кремлди түнөрткөн санкциялар


"Кара тизмеге" алынган  Александр Бастыркин, Виктор Золотов, Игорь Краснов жана Александр Калашников
"Кара тизмеге" алынган  Александр Бастыркин, Виктор Золотов, Игорь Краснов жана Александр Калашников

Кремль Навальныйдын ууландырылышына байланыштуу айрым орус төбөлдөрүнө карата Батыштын санкцияларын жаалдануу менен кабыл алды.

3-мартта Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кошмо Штаттары менен Евробиримдикте "кара тизмеге" алынган жогорку даражалуу орус аткаминерлери тууралуу Кремлдин позициясын билдирди. Ал Москва Батышка жооп боло турганын белгиледи.

«Буга окшош чектөөлөрдү кабыл алынгыс деп эсептейбиз. Алар ансыз да АКШ жана Евробиримдик менен начар абалдагы алаканы биротоло кыйратат. Мындай чечимдер түккө турбайт, негизсиз, башкысы – эч кандай таасири да, мааниси да жок», - деди Песков.

Ага чейин Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова акыркы санкцияларды «Орусияга карата душмандык аракет» катары баалап, «от менен ойнобоого» чакырган.

Мария Захарова
Мария Захарова

«АКШнын санкцияларды шыктануу менен киргизип жатканына карабай биз улуттук кызыкчылыктарыбызды коргоп, каалагандай агрессияга туруштук беребиз. Биз кесиптештерибизди от менен ойнобоого чакырабыз», - деген ТИМ өкүлү.

2-мартта Кошмо Штаттар менен Евробиримдик оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын ууландырылышына жана абакка кесилишине байланыштуу Кремлдеги жети төбөлгө санкция салган.

Вашингтон мындай кадамга чалгын кызматтары Навальныйды ууландыруунун артында Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү турган деген «ишенимдүү тыянакка келгенден» кийин барганын билдирген.

Жен Псаки
Жен Псаки

Анда Жо Байдендин администрациясынын басма сөз катчысы Жен Псаки Вашингтон менен Брюссель «Кремлге күчтүү сигнал» бергенин белгилеген.

Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб «Твиттерге» Лондон дагы Орусияны адам укуктары жана химиялык куралдар боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткарбаганы үчүн жоопко тартууга өнөктөштөрү менен бирге жүргүзгөн ишти уланта бере турганын жазган.

АКШнын «кара тизмесине» Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников, Путиндин администрация жетекчисинин орун басары Сергей Кириенко, коргоо министринин орун басары Алексей Криворучко, башкы прокурор Игорь Краснов, Федералдык жаза аткаруу кызматынын директору Александр Калашников алынган.

Еврошаркет буларга кошумча Росгвардиянын башчыларына санкция салган.

Вашингтон ошондой эле биологиялык жана химиялык өндүрүшкө тиешеси бар 14 тарапка, анын ичинде тогуз коммерциялык ишканага экспорттук чектөөлөрдү киргизген.

Навальныйдын тарапташтарынын бир тобу Батыштын орус төбөлдөрүнө каршы чектөөлөрүн кубатташса, айрым саясий серепчилер саналуу мамлекеттик кызматкерлерге карата кабыл алынган чаралардын эч кандай экономикалык таасири болбостугун белгилеп жатышат.

Мисалы, Навальный негиздеген Коррупция менен күрөш фондунун иликтөөлөр боюнча бөлүмүнүн башчысы Мария Певчих балдарын Батышта окутуп, ал жакта үй-жай алып, байма-бай эс алууга каттаган, болгон байлыгын ал жакта сактаган орус төбөлдөрү үчүн «Батышка жол жабылганын» «Твиттерде» кубаттаган.

Ошол эле кезде Путиндин айланасындагы бир дагы күркүл санкциялык тизмеге кирбегенин «Батыш Путиндин режими олигархтардын акчасына канчалык таянарын түшүнбөйт» деп сындагандар бар.

Буга чейин Навальныйдын санаалашы, Коррупция менен күрөш фондунун аткаруучу директору Владимир Ашурков Интернетке отуздан ашуун адамдын тизмесин жарыялап, Батыш өлкөлөрүн аларды санкциялык «кара тизмеге» алууну суранган.

Тизмеде Роман Абрамович менен Алишер Усманов, «ВТБ» банкынын президенти Андрей Костин сыяктуу орус олигархтары менен ири ишкерлер бар.

Алексей Навальный
Алексей Навальный

Орус президенти Владимир Путинди жана анын айланасындагы төбөлдөр менен олигархтарды коррупцияга, уурулукка, мыйзамсыз баюуга айыптап, Кремлдин саясатын ачык сындаган Алексей Навальный январда Германиядан дарылануудан кайтып келери менен кармалган.

Азыр ал 2014-жылы козголгон кылмыш иши боюнча шарттуу жазанын эрежелерин бузду деген айып менен кайрадан 2,5 жылга соттолуп, учурда абакта.

Европадагы бир нече лаборатория оппозициячы былтыр августта нервди шал кылуучу «Новичок» химиялык заты менен ууландырылган деген тыянак чыгарышкан. Навальный анда ФКБнын кызматкерлери Путиндин буйругун аткарышканын айтып келет.

Кремль мындай дооматтарды четке каккан.

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча эксперттери Навальныйдын ууландырылышы боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүүгө чакырып жатышат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG