Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:34

Прокуратура Навальныйды "Ив Роше" иши боюнча 3,5 жылга кесүүнү дагы бир жолу суранды


Алексей Навальный
Алексей Навальный

Москванын Бабушкинский сотунда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын үстүнөн сот жараяны уланды. Анда саясатчыга карата Экинчи Дүйнөлүк согуштун ардагеринин ар-намысына шек келтирген деген айып тагылган.

16-февралдагы жараянда мамлекеттик айыптоо Навальныйдын күнөөсү толугу менен далилденгенин билдирди. Буга байланыштуу саясатчыга 950 миң рубль айып салууну жана буга чейинки “Ив Роше” иши боюнча 3,5 жылга эркинен ажыратуу тууралуу соттун чечимин колдой турганын жарыялады.

Прокурор Навальныйды "ардагердин кадыр-баркына шек келтирүү аркылуу Советтер Союзунун Экинчи Дүйнөлүк согуштагы жеңишине көлөкө түшүрүүгө ниеттенген" деп айыптады.

Оппозиционердин адвокаттары болсо Навальныйга карата саясий куугунтук жүрүп жатканын белгилеп, аны актоону, ал эми ишти кыскартууну суранды. Бул иш боюнча соттун чечими 20-февралда чыгат.

Алексей Навальныйга бул иш боюнча кылмыш иши 2020-жылы июнь айында козголгон. Анда саясатчы Орусиянын Баш мыйзамын өзгөртүүгө чакырган үгүт жарнамага катышкандарды “саткындар” деп атаган.

Сөзү жарнакка тартылган 95 жаштагы ардагер Игнат Артеменконун кадыр-баркына шек келтирилди деп Орусиянын Тергөө комитети кылмыш ишин козгогон.

Орус оппозициясынын лидерлеринин бири Алексей Навальный быйыл 17-январда Берлинден дарылануудан келээри менен камакка алынган.

2-февралда Москва соту анын «Ив Роше» иши боюнча шарттуу жазасын катаалдаштырып, дээрлик үч жылга кести. Анын камалышына каршы буга чейин Орусиянын ондогон шаарларында эки ирет ири нааразылык жыйындары өтүп, анын жүрүшүндө миңдеген кишилерди тартип сактоо кызматкерлери кармаган.

XS
SM
MD
LG