Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:59

БУУ: Баяндамачылар Навальныйдын ууландырылышы боюнча иликтөө жүргүзүүнү сунуштады


Алексей Навальный
Алексей Навальный

Бириккен Улуттар уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңешинин кызматкерлери орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды ууландыруунун жагдайын аныктоо үчүн эл аралык иликтөө жүргүзүүгө чакырышты. Кеңештин атайын баяндамачылары Аньес Калламар жана Айрин Хандын бидирүүсүндө “Навальныйды ууландыруунун бардык жагдайларын жана фактыларды ачыкка чыгаруу үчүн тезинен эл аралык иликтөө жүргүзүү керек”, - деп айтылат.

Калламар - БУУнун соттон тышкаркы иштер боюнча атайын баяндамачысы, ал эми Хан - сөз эркиндиги жаатындагы адис. Бул адистер учурда Навальный кесилип, абакта жаткан учурда иликтөөнү жүргүзүү өзгөчө маанилүү экенин белгилешкен.

Алар оппозициячыл саясатчынын коопсуздугу үчүн орус бийлиги жоопкер экенин эскертишкен. Ошондой эле Адам укуктары боюнча кеңештин расмий интернет барагына Навальныйды ууландырылышы боюнча баяндама жарыяланды.

Ал ортодо 1-мартта Евробиримдикке мүчө өлкөлөр Навальныйдын ууландырылышына тиешеси бар делген орусиялык жетекчилерге санкция салууну макулдашканы белгилүү болду. Муну дипломатиялык чөйрөдөгү булактар кабарлашты.

Ага ылайык, Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин, Росгвардиянын жетекчиси Виктор Золотов, башкы прокурор Игорь Краснов жана Федералдык жаза аткаруу кызматынын директору Александр Калашниковго санкция салынышы мүмкүн.

Алексей Навальный былтыр августта Омск шаарында ууландырылган соң, Германияда дарыланып аман калган. Ал өткөн айда Германиядан дарыланып келээри менен "Шереметьево" аба майданында камакка алынган.

2-февралда сот Навальныйды 2014-жылкы иши боюнча алдамчылыкка айыптап, буга чейинки шарттуу жазаны нагыз абактык жазага алмаштырып, 3,8 жылга эркинен ажыраткан болчу. Муну кийин Москва шаардык соту мөөнөттү саал азайтуу менен күчүндө калтырган.

Навальный өткөн аптада Москвадагы тергөө абагынан түрмөгө которулганы белгилүү болду. Расмий органдар анын кайсы абакка которулганын кабарлай элек, бирок айрым маалымат каражаттары Навальный Москвага жакын Владимир облусундагы түзөтүү колониясына жеткирилиши мүмкүн экенин жазышты.

Орусиянын ондогон шаарында оппозициячыл лидер Навальныйды бошотуу талабы менен ири нааразылык жыйындары жана флэшмоб чарасы өткөрүлүп, миңдеген киши кармалды.

XS
SM
MD
LG