Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:12

Орус коомчулугу маркум Борис Немцовду эскерүүдө


Оппозициячыл лидер Борис Немцов өлтүрүлгөн жайдагы эскерүү чарасынан. Москва. 2020-жыл.
Оппозициячыл лидер Борис Немцов өлтүрүлгөн жайдагы эскерүү чарасынан. Москва. 2020-жыл.


Орус оппозициясынын жигердүү өкүлдөрү 27-февралда Москванын борборунда киши колдуу өлгөн оппозициячыл саясатчы Борис Немцовду эскерүүгө беленденүүдө. Немцовдун өлүмүнүн алты жылдыгы Орусия бийлиги азыркы оппозициячыл лидер Алексей Навальныйды түрмөгө камап, анын өнөктөштөрүнүн нааразылык чараларын күч менен баскандан кийинки учурга туш келди.

Навальныйдын өнөктөштөрү өз тарапташтарын 2015-жылы 27-февралда Немцов атып өлтүрүлгөн жайга – Кремлден анча узак эмес аралыктагы Большой Москворецкий көпүрөсүнө келип, бир мүнөт тунжурап турууга жана гүл коюуга чакырды.

Эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү да маркум Немцовду эскерүү чараларына катышууда.

АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Салливан, Улуу Британиянын жана Латвиянын элчилери Дебора Броннерт жана Марис Риекстинш Москва шаарынын Большой Москворецкий көпүрөсүндөгү Немцов өлтүрүлгөн жерге келип гүл коюшту. Быйыл Москва бийлиги коомчулук өкүлдөрүнө салттуу жүрүш уюштурууга тыюу салып, гүл коюп эскерүү жөрөлгөсүн өткөрүүгө гана уруксат берди.

Навальныйдын шериктери жалпы өлкөнүн ондогон шаарларын камтыган ири нааразылык жыйындарынын толкунуна бийликтер катаал жооп кайтарып, 10 миңден ашуун кишини кармап, алардын көпчүлүгүнө администрациялык жана кылмыш иштерин козгогондон кийин, нааразылык чараларын жазга чейин өткөрбөй коё турууну чечишти.

Өткөн аптада Москва шаардык соту Навальныйга карата мурдагы ысырапкорчулук менен соттолгонуна байланыштуу шарттуу түрдөгү берилген жазанын эрежелерин бузган, деген жүйөө менен жазаны анык абакта өтөө тууралуу февраль айынын башында чыгарылган райондук соттун өкүмүн анча-мынча кыскартуу менен күчүндө калтырды. Навальный өзүнө карата кылмыш ишин саясий куугунтуктоо катары баалап келет.

Орус оппозиция өкүлдөрү 27-февралда Немцовду эскерүү үчүн ири жыйын эмес, "эскерүү иш-чарасын" гана өткөргөн жаткандыгын билдирди. Москва бийлиги оппозициянын тарапкерлеринин эскерүү жүрүшүн өткөрүү өтүнүчүн коронавирус пандемиясынын айынан четке какты.

Өлкөнүн башка айрым шаарларында да Немцовду эскерүү жүрүшүнө уруксат берүү тууралуу арыздарды жергиликтүү бийликтер канааттандырышкан жок. Алар коронавируска каршы күрөшкө шылтаган менен, оппозиция өкүлдөрү 23-февралдагы Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттарга эч кандай чек коюлбагандыгын белгилешүүдө. (TT)

XS
SM
MD
LG