Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:33

Орусияда Борис Немцовду эскеришти


"Немцов маршынын" катышуучулары, Москва, 25-февраль, 2018-жыл.
"Немцов маршынын" катышуучулары, Москва, 25-февраль, 2018-жыл.

Орусияда оппозициячыл саясатчы, маркум Борис Немцовду эскеришти. Кремлдин сынчысы Москванын чок ортосунда атып өлтүрүлгөн күндүн үч жылдыгын утурлаган акциялар Орусиянын бир катар шаарларында өтүп, борбордо ага миңдеген адамдар катышты.

Президент Владимир Путиндин сынчысы Борис Немцов 2015-жылдын 27-февралында Москванын Кремлге жакын жайгашкан көпүрөсүндө атып өлтүрүлгөн эле.

Эл аралык айыптоону жараткан жана Кремлге каршыларды кандай тагдыр күтөөрүн ачык көргөзгөндөй болгон бул окуянын үч жылдыгын утурлаган демонстрациялардын Москвадагы катышуучулары арасында либералдык оппозиция тобундагы саясатчылар, анын ичинде президенттикке талапкерлер Ксения Собчак, Григорий Явлинский да болду. Орусия борборундагы иш-чарага бир нече миң адам жыйналып, жүрүшкө улутчулдардын уюмдары да катышты.

Москвадагы демонстранттардын тобу көч башында “Жаза сөзсүз болот! Биз унутпайбыз, биз кечирбейбиз!” деп жазылган плакаттарды көтөрүп жүрүштү:

- Мен Борис Немцов менен тааныш элем. Ал абдан жигердүү, чынчыл, каарман инсан эле. Анан, албетте, Орусия азыр кабылган жамандыктын баарын күн мурунтан билген. Мунун куну өтө кымбатка турду. Азыркы режим аны жөн эле жок кылып салды, - деди Москвадагы демонстранттардын бири Александр Почукаев.

Маркум Немцовду эскерген көчө жүрүштөрү, жыйындары башка шаарларда да өттү. Санкт-Петербургда, уюштуруучулардын айтымында, Немцовду эскерүүгө 2 миңдей, полициянын эсебинде 350дөй адам чогулду.

Москвадагы жүрүштүн катышуучулары Немцов атып өлтүрүлгөн жерге гүл коюуда. 25-февраль, 2018-жыл.
Москвадагы жүрүштүн катышуучулары Немцов атып өлтүрүлгөн жерге гүл коюуда. 25-февраль, 2018-жыл.

Көчө акциялары Новосибирскте, Екатеринбургда, Казанда да болду.

- Адамдардын былтыркыдан көп чыкканы мен үчүн да күтүүсүз болду. Бул кайрат берип, шыктандырат. Үч жыл өткөнүнө карабай адамдар жыйналууда, Немцовду өлтүрүүнү уюштургандарды жазалоо талабы экинчи планга кеткен жок, - деди оппозициячыл саясатчы Илья Яшин “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна.

Немцов өлтүрүлгөн күндүн үч жылдыгын утурлай Москванын шаар бийликтери маркум саясатчы жашаган көп кабаттуу үйгө мемориалдык тактай илүүгө уруксат берилерин жарыялашты. Мэр Сергей Собянин муну президенттикке талапкер Ксения Собчактын өтүнүчүнө ылайык деп түшүндүрдү. Буга чейин былтыр сентябрда Москванын бийликтери активисттер Немцовдун үйүнө орноткон тактайды мыйзамсыз деп таап, аны кремлчил уюмдун өкүлдөрү алып салышкан.

Ошондой эле шаар бийликтери активисттердин Немцов атып өлтүрүлгөн көпүрөгө тактай орнотуу аракетине жол бербей, утурумдук эстеликти ал жерден белгисиз адамдар же полиция такай бузуп кетип турчу. Москва бийликтеринин жаңы чечимин Немцовдун кызматташы, оппозициячыл саясатчы Илья Яшин мындайча чечмеледи:

- Бул жерде адамгерчилик тууралуу эч сөз жүргөн жок. Менимче, бул - шаар бийликтерине үч жылдан бери коомдук ишмерлер, саясатчылар, ыктыярчылар көргөзгөн кысымдын натыйжасы. Эң башкысы адамдар корккон жок. Немцовду эмне үчүн өлтүрүшкөн? Адамдарды коркутуу, биздин оозубузду жаап, эч жакка чыкпашыбыз же өлкөдөн кетишибиз үчүн жасалууда. Бирок адамдар үч жылдан бери көчөгө чыгып, Немцовдун талаптарына тилектештигин көргөзүп келүүдө. Менимче, Немцовду өлтүрүүнү уюштургандар мындай натыйжаны күтүшкөн эмес.

Орусиянын соту Немцовдун өлтүрүлүшү үчүн чеченстандык беш кишини айыптап, аларды былтыр июлда узак мөөнөткө түрмөгө кескен. Бирок маркум саясатчынын жакындары менен кесиптештери аны өлтүрүү буйругу жогору жактан берилген деген ишенимде. Алар ошол буйрук берген адам же адамдар аныкталып, жазаланмайынча адилеттик орнобойт деп эсептешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG