Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:57

Навальный Владимир облусундагы колонияга которулушу мүмкүн


Алексей Навальный
Алексей Навальный

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный Владимир облусундагы түзөтүү колониясына жеткирилиши мүмкүн. Бирок расмий түрдө бул маалымат ырастала элек.

27-февралда ТАСС агенттиги жеке булагына таянып, Навальный Москвадан 100 чакырым алыстыктагы Покровдогу түрмөгө жеткирилгенин жазып чыкты. Анда саясатчы алгач карантинде болору айтылган.

Ага чейин “Ярновости” сайты Алексей Навальный Владимир облусундагы Кольчугино тергөө абагына жеткирилгенин жана жакынкы күндөрү Покров түрмөсүнө которуларын жазган.

Орусиянын Жазаларды аткаруу федералдык кызматы Навальный Москвадагы Тергөө абагынан которулганын ырастап, бирок кайсы түрмөдө жазасын өтөөрүн тактаган эмес.

Алексей Навальныйдын үй-бүлөсү, үзөңгүлөштөрү оппозиционердин кайда экенин, анын ден соолугу тууралуу кабары жоктугун айтышты.

Навальный негиздеген Коррупцияга каршы күрөш фондунун директору Иван Жданов саясатчы “катаал режимдеги колонияга” которулганы боюнча гана кабардар экенин, бирок так дарегин билбестигин айтты. “Биз маалымат каражаттарынан гана билип жатабыз”, - деп жазды Жданов Твиттерге.

Орусияда соттолуучу кайсы-бир түрмөгө жеткирилген соң гана анын жакындарына жана адвокаттарына расмий маалымат берилет

44 жаштагы Навальный быйыл 17-январда Германиядан дарылануудан келген соң камакка алынган. 2-февралда сот Навальныйды 2014-жылкы иши боюнча алдамчылыкка айыптап 3,5 жылга эркинен ажыраткан болчу. Муну кийин Москва шаардык соту күчүндө калтырган.

Оппозициячыл саясатчы жана анын тарапташтары бул ишти саясат менен байланыштырып келишет.

Евробиримдик, АКШ Навальныйдын камалышын сынга алып, орус бийлигин оппозициячыл саясатчыны бошотууга чакырып келет.

XS
SM
MD
LG