Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Казакстанда полиция митингчилерди курчоого алды


Казакстанда полициясынын курчоосунда калгандар
Казакстанда полициясынын курчоосунда калгандар

Казакстандын Нур-Султан жана Алматы шаарларында былтыр тергөө абагында табышмактуу жагдайда каза болгон активист Дулат Агадилди эскерүү митингин полиция бекем курчоого алып, ороп турат. Кеттлинг деп аталган мындай ыкманы казак полициясы акыркы митингдерге колдонуп, суукка карабай митингчилерди бир нече сааттап курчап турчу болду.

Нур-Султанда митингдин катышуучулары Агадилге арнап куран окуп бүтөрү менен полициячылар курчап калды. Учурда акцияга катышкан 13 адам күч кызматкерлеринин курчоосунда турат. Ал эми полиция кызматкерлеринин саны үч эсеге көп. Нур-Султанда ушу тапта 10 градуска чейин суук.

Акция катышуучулары “саясий туткундарга” боштондук деп кыйкырып жатышат. Алар жакында Казакстандагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндама жарыялаган Европарламентти айрым казак аткаминерлерине каршы санкция салууга үндөөдө.

Ал эми Алматыда болсо оппозициячыл активист Жанболат Мамайдын 20дан ашык тарапкерин полиция курчап турат. Кимдир-бирөөнүн кабыргасы сынганы боюнча маалымат айтылып, тез жардам унаасы келди. Бирок акция учурунда жараат алгандар жөнүндө маалымат ырасмий түрдө ырастала элек.

Окуяны чагылдырган журналисттерди полиция курчоодо тургандарга жакын жолотпой жатат. Бирок акцияга каршы экенин билдирген айрым адамдар кетлингде тургандарга жакын барышып, “Мамай уятсыз” деп кыйкырып кетип жатат.

Буга чейин укук коргоочулар митингчилерге карата кетлинг деген ыкманын колдонулушун кыйноого барабар деп билдиришкен.

Бийликтен саясий реформаларды жүргүзүүнү жана саясий туткун деген адамдарды бошотууну талап кылган акциялар Уральск, Семей, Чимкент сыяктуу шаарлар да өттү. Акция катышкандардын айрымдарын полиция кармап кеткени кабарланууда.

XS
SM
MD
LG