Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Навальныйдын статусу талашка түштү


Эл аралык Мунапыс уюму Алексей Навальныйды "абийир туткуну" деп атоодон баш тартты. Ошондой эле бул уюм Навальныйдын штабынын жетекчиси Леонид Волковго алар менен "Твиттерде" "түз сүйлөшкөнү" үчүн ыраазычылык билдирди. Ал эми Волков мындай сүйлөшүү болгонун четке какты.

24-февралда Эл аралык Мунапыс уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча жетекчисинин орун басары Денис Кривошеев уюм Алексей Навальныйды "абийир туткуну" деп атоодон баш тартканын, буга саясатчынын жек көрүүчүлүк маанайдагы мурда жасаган билдирүүлөрү себеп болгонун «Азаттыкка» билдирген.

Көп өтпөй Навальныйдын тарапташы Леонид Волков "Твиттерде" Эл аралык Мунапыс уюмунун чечимин сынга алган билдирүү таратты.

Леонид Волков.
Леонид Волков.

"Amnesty International" уюмунун башкы катчысы конструктивдүү "түз сүйлөшүүбүз" үчүн рахмат айтыптыр. Бирок мен аны тааныбайм жана эч качан аны менен сүйлөшкөн эмесмин. Ал "пранкер Вован" менен сүйлөшүп, анан ушундай билдирүүлөрдүн негизинде чечим кабыл алышса, таң калбайм" деп жазды Волков.

Анын бул твитине Эл аралык Мунапыс уюмунун башкы катчысы Жули Верхаар ошол замат жооп жазды.

"Биз сиз менен түздөн-түз сүйлөшкөнүбүзгө ыраазыбыз. Эң негизгиси Алексей Навальныйды токтоосуз бошотуу үчүн биригип жатканыбызга кубанычтабыз. Азыр биз көпчүлүктүн көңүл чордонунда болгондуктан Кремлге болгон талаптарыбыз дагы күчтүү болот" деп жазды Верхаар.

Бирок көп өтпөй Жули Вархаардын бул твити өчүрүлгөн.

Ал арада Коррупцияга каршы күрөш фондунун (ФБК) юристи Александр Головач 2018-жылы берилген "абийир туткуну" статусунан баш тартканын кабарлады. Ал бул тууралуу "Твиттерге" жазды.

"2018-жылы Amnesty International мени "абийир туткуну" деп атаган. Мен эми бул статустан баш тартып жатканымды билдирем. Анткени бул статустан Путиндин пропагандасынын кысымынан улам кол жууп калышың мүмкүн экен", - деп жазган Головач.

Аны үч жыл мурун "митингдер жөнүндө мыйзамды бузган" деген айып менен полиция кармап кеткенден кийин "абийир туткуну" деп аташкан.

Ошондой эле шаршембиде Леонид Волков "Твиттердеги" баракчасында Эл аралык Мунапыс уюмунун Навальныйды "абийир туткуну" деп атоодон баш тартканы тууралуу өз оюн билдирген.

"Эгерде саясий туткундарга жардам берүүчү түзүм, кагазга жазылган сөздөрдүн негизинде саясий туткундарга зыян келтире турган нерселерди жасаса, анда бул түзүм өлүп калган. Өлсө өлгөндүр, мындай боло берет" деп жазган Волков.

Эл аралык Мунапыс уюмунун мындай чечимин алгач 23-февралда орусиялык "Медиазона" интернет басылмасы жазган. Басылманын менеджери Александр Артемьев Алексей Навальныйга соцтармактагы эски билдирүүлөрүнөн улам айып тагылып жатканын жазды. Ал ошондой эле Навальныйга эски комментарийлери үчүн пайда болгон "жаңы жагдай" ага карата колдонула турган жаңы тактиканын бир түрү экенин баса белгилейт.

"2000-жылдардын ортосунда Навальныйга таандык болгон комментарийлер айтылган жок. Навальныйдын жигердүүлүгү жана президент Владимир Путинге каршы чыгуусу күчөп жаткан учурда эски жазылган комментарийлердин кайрадан пайда болушу анын ишин мыйзамдаштыруунун дагы бир тактикасы болушу мүмкүн" -деп жазды Александр Артемьев.

20-февралда Москва шаардык соту Кремлдин келишкис сынчысы, оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды абакка кесүү боюнча буга чейин чыккан чечимди күчүндө калтырды. Ага ылайык, саясатчы 3,5 жылга кесилген. Ошол эле күнү Навальный 94 жаштагы согуш ардагеринин кадыр-баркына шек келтирди делген айып боюнча башка бир жарандык сотто күнөөлүү деп табылып, ири көлөмдөгү айып пул төлөөгө милдеттендирилди. 44 жаштагы Алексей Навальный өткөн айда Германиядан дарыланып келери менен Москвадагы аба майданында камакка алынган.

Андан бери Орусиядагы ондогон шаарларда саясатчы Навальныйды бошотуу талабы менен нааразылык жыйындары өтүп, алардын жүрүшүндө миңдеген кишилер кармалган болчу.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG