Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:03

"Amnesty International" уюму Алексей Навальныйды "намыс туткуну" деп атоодон баш тартты


Алексей Навальныйды кармоо учурунда
Алексей Навальныйды кармоо учурунда

Эл аралык укук коргоочу "Amnesty International" уюму орусиялык оппозиционер, камактагы Алексей Навальныйга мурда ыйгарган "намыс туткуну" наамын кайтарып алды.

Уюм буга Навальныйдын 2000-жылдары жек көрүүчү маанайда айткан сөздөрү себеп болгонун билдирди. Бирок кайсы сөзү мындай чечимге себеп болгонун тактаган жок.

Навальный бир ай мурда Москвада аба майданында кармалгандан кийин "Amnesty International" уюму аны "намыс туткуну" деп атап, орус бийлигинин аракеттерин сынга алган.

Кийин укук коргоочу уюмга Навальныйга мындай наамды ыйгарууга каршы чыккан арыздар келип түшкөн.

44 жаштагы Алексей Навальный Орусиянын бийлиги, президент Владимир Путиндин байлыгына байланыштуу бир катар иликтөөлөрдү жасаган. 2020-жылдын август айында белгисиз затка ууланып, абалы оорлошуп кеткенине байланыштуу Германияга жеткирилген.

Навальный 17-январда Берлинден кайтып келгенде кармалган. Оппозициядагы активист камалгандан кийин Орусиянын бир катар шаарларында миңдеген адамдар катышкан нааразылык акциялары өткөн. (BCh)

XS
SM
MD
LG