Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жүрөгүнөн операция болду


Жантөрө Сатыбалдиев.
Жантөрө Сатыбалдиев.

13-ноябрда акыйкатчы Токон Мамытов жана Акыйкатчы институтунун аппаратынын кызматкерлери камакта отурган саясатчылардан, мекемеге кайрылган катардагы соттолуучулардан кабар алып чыкты. Бул тууралуу маалыматты «Азаттыкка» Мамытов өзү ырастап, комментарий берди.

Анын айтымында, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев аз күн мурдараак жүрөгүнөн операция болуп, стенд койдурганын билдирген. Сатыбалдиевге башка органына дагы бир операция жасалышы күтүлүүдө. Ал учурда Улуттук госпиталда дарыланууда.

Экс-премьер-министр иши боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Жогорку сотко кайрылганын, иши 6-декабрда кайра карала турганын маалымдаган.

Токон Мамытов мындан сырткары алар камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Бишкек ЖЭБиндеги коррупцияга байланыштуу соттолгон башка саясатылар саламаттыгына даттанышкан эмес. Катардагы жарандар болсо түрдүүчө маселелер боюнча арыз-муңдарын кабарлашкан.

2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту борбор калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодо коррупцияга жол берилген деген негизде экс-премьер-министр Сапар Исаковду жана «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кескен. «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга, Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан сот залынан бошотулган. Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом айып салынган.

Свердлов райондук сотунун бул өкүмүн Бишкек шаардык соту быйыл март айында, Жогорку сот июнт айында бир аз өзгөртүү менен күчүндө калтырган.

Соттолуучулар коюлган айыптар далилсиз экенин айтып жүрүшөт.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG