Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:27

Бирмадагы “эң кандуу күн”


Мандалай шаарында кармалган демонстрант, 3-март 2021-жыл.
Мандалай шаарында кармалган демонстрант, 3-март 2021-жыл.

Бирмада (Мьянма) аскердик хунтага каршы бир күн мурдагы акцияларда кеминде 38 адам өлтүрүлдү. Бириккен Улуттар Уюмунун чабарманы 3-мартты Бирмада аскердик төңкөрүш орун алгандан берки “эң кандуу күн” деп мүнөздөдү. Митингдер бейшемби күнү да уланды.

4-мартта Бирманын түндүгүндөгү Мандалай шаарында бир күн мурдагы акцияларда каза болгон кызды акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Чогулгандар революциячыл ырларды ырдашып, аскердик төңкөрүшкө каршы ураандарды чакырып жатышты.

19 жаштагы Киал Син шаршембиде башка миңдеген адамдар менен кошо аскердик хунтага каршы көчөгө чыккан. Бирок армия чогулгандарды күч менен тарата баштаганда башына ок тийип, мүрт кеткен. Ал өмүрүнүн акыркы күнүндө “Бардыгы жакшы болот” деген жазуусу бар футболка кийип жүргөн. Мындай жазууну Бирмадагы интернет колдонуучулар шаршембиден тартып биринен сала бири социалдык тармактардагы баракчаларына жайгаштырып жатат.

3-мартта Бирманын Янгон баштаган бир нече шаарында Киал Син сыяктуу дагы кеминде 37 демонстранттын өмүрү кыйылды. Алардын арасында 14 жана 17 жаштардагы эки өспүрүм бала бар.

Күбөлөрдүн айтымында, ал күнү күч кызматкерлери чогулган элге эч эскертүүсүз эле ок ата баштаган. Интернетке тараган видеолордон полиция митингчилерди таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ, аскердик жана желим окторду колдонгонун, көчөдө жайкын тургундардын сөөгү жатканын көрүүгө болот.

Башына ок жеген Киал Син, 3-март 2021-жыл.
Башына ок жеген Киал Син, 3-март 2021-жыл.

Дүйнө өлкөлөрү Бирмадагы мындай зомбулукту кескин айыптап чыгышты. Бириккен Улуттар Уюмунун Бирма боюнча чабарманы Кристин Шранер Бургенер 3-мартты Бирмада аскердик төңкөрүш болгондон берки “эң кандуу күн” деп атады.

“Төңкөрүш башталгандан бери мерт болгондордун саны 50дөн ашты. Көп киши жараат алды, - деди Бургенер. – Баш-аягы 1200дөй киши кармалды. Бир топ үй-бүлө жакындары кайда кармалып турганын, алардын саламаттыгы кандай экенин билишпейт. Биз муну дагы канчалык узакка карап тура алабыз?”.

Төңкөрүштөн кийинки кризис

Мындай зомбулукка карабастан Бирманын шаарларында аскердик хунтага каршы акциялар бейшемби күнү да уланды.

1-февралда Бирманын армиясы шайлоо жолу менен түзүлгөн өкмөттү кулатып, өлкөнүн де-факто лидери Аун Сан Су Чжини жана анын башка партиялаштарын камакка алган. Натыйжада дээрлик он жылга чукулдаган жарандык бийлик жоюлуп, өлкөнү башкаруу кайра армиянын колуна өткөн.

Аскердик хунта ноябрь айындагы шайлоо “бурмаланганы үчүн” бул кадамга барганын билдирген. Бирок мындай дооматтарын бышыктоочу далилдерди көрсөтө алган эмес. Ноябрдагы парламенттик шайлоодо Аун Сан Су Чжинин “Демократия үчүн улуттук лига” аттуу партиясы чоң жеңишке жетишкен болчу.

Бирмада Су Чжини бошотууну талап кылган жана армиянын аракеттерине каршылык көрсөткөн акциялар февралдын башынан бери токтобой жатат. Аскерлер тынч демонстрацияларды күч менен басууга аракет кылып келет.

Янгон шаарындагы нааразылык, 1-март 2021-жыл.
Янгон шаарындагы нааразылык, 1-март 2021-жыл.

Шаршембидеги окуяларга байланыштуу Улуу Британия Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин жума күнү чукул жыйынга чогулууга үндөдү. АКШ Бирманын аскердик жетекчилерине каршы кошумча санкциялар каралып жатканын билдирди. Ошондой эле Мамлекеттик департамент Кытайды аскердик хунтага таасир көрсөтүүгө үндөдү.

“Кытайдын бул өрөөндө таасири бар. Аскердик хунтага да таасир көрсөтө алат. Биз кытай тарапты бул таасирди Бирманын элинин кызыкчылыгын алга сүрөй турган, конструктивдүү багытта колдонууга чакырабыз. Бирма элинин кызыкчылыгы кандай экенин билебиз. Себеби алар көчөгө тынч жол менен чыгып, хунтанын аракеттерине каршы турганы менен эмнени каалап жатканын көрсөтүп жатышат”, - деп билдирди АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Бирмадагы кырдаалга тынчсыздануусун билдиргени менен аскердик төңкөрүштү айыптай алган эмес. Буга кеңештин эки мүчөсүнүн – Кытай менен Орусиянын - каршылыгы себеп болгон. Эки өлкө Бирмадагы төңкөрүштү өлкөнүн ички маселеси деп эсептейт.

3-марттагы ондогон адамдын өмүрүн алган кагылышуулар боюнча аскердик хунта комментарий берген жок. Андан бир күн мурда аскердик хунта дайындаган Бирманын тышкы иштер министри Вунна Маун Лвин Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн биримдигинин ("ASEAN") виртуалдуу жыйынына катышып, ноябрь айындагы шайлоолор “бурмаланганын” кайталады.

Аун Сан Су Чжинин арсар тагдыры

Мьянма деген аты менен да таанымал Бирма 1948-жылы Британиядан көз карандысыздыгын жарыялаган. Андан бери Түштүк-Чыгыш Азиядагы 54 миллиондон ашуун калкы бар бул өлкөнү көбүнесе аскердик жетекчилер башкарып келген.

Аун Сан Су Чжи узак жылдар бою армиянын үстөмдүгүнө каршы күрөшкөн жана 1989-2010-жылдар аралыгында жалпысынан 15 жылдай үй камагында отурган. Ал Батыш өлкөлөрүндө демократиянын символуна айланып, 1991-жылы Нобелдин тынчтык сыйлыгына ээ болгон.

Мандалай шаарындагы Аун Сан Су Чжини колдогон митинг, 15-февраль 2021-жыл.
Мандалай шаарындагы Аун Сан Су Чжини колдогон митинг, 15-февраль 2021-жыл.

Су Чжи 2010-жылы үй камагынан бошотулуп, өз партиясы аркылуу саясатка кененирээк аралаша баштаган. Ал кезде Бирмада аскердик бийликтин катаал саясаты жумшарып, бир катар саясий туткундар бошотулган. 2015-жылы Аун Сан Су Чжинин партиясы парламенттик шайлоодо чоң жетишке жетишип, парламенттеги мандаттардын 86 пайызына ээ болгон.

Мындай жеңишке карабастан Су Чжи президент боло алган эмес. Буга анын балдары чет өлкөнүн жарандыгын алганы жүйө катары көрсөтүлгөн. Кантсе да Су Чжи мамлекеттик кеңешчи аттуу жаңы түзүлгөн кызматка келип, Бирманын иш жүзүндөгү лидерине айланган.

Бирок анын эл аралык коомчулук алдындагы кадыр-баркына 2017-жылы Бирманын армиясынын рохинжа мусулмандарына каршы аскердик чабуулу көлөкө түшүрдү. Су Чжи анда армиянын зомбулугун ачык айыптабаганы үчүн Батыш өлкөлөрүндө кескин сынга кабылган.

Үй камагына алынганы кабарланган 75 жаштагы Су Чжи соңку аскердик төңкөрүштөн бери эл көзүнө көрүнө элек болчу. Ал бул аптанын башында видео байланыш аркылуу сотко катышты. 1-марттагы соттук териштирүүдө ага дагы эки айып тагылды.

Су Чжи алгач “өлкөгө мыйзамсыз түрдө рация алып кирген жана колдонгон, табигый кырсык маалында мыйзам бузган” деп айыпталса, бул аптада “шайлоо маалында санитардык эрежелерди бузган жана эпидемиологиялык коркунуч жараткан” деген айыптар да кошулду. Анын жактоочулары мындай айыпты четке кагып келишет.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG