Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:54

АКШ Бирма хунтасынын мүчөлөрүнө каршы санкция салды


Бирмадагы хунтага каршы нааразылык жыйыны. Янгон шаары. 2021-жылдын 22-февралы.
Бирмадагы хунтага каршы нааразылык жыйыны. Янгон шаары. 2021-жылдын 22-февралы.


Америка Кошмо Штаттары Бирма (Мьянма) аскердик хунтасынын эки мүчөсүнө каршы 1-февралдагы төңкөрүшкө байланыштуу чектөөлөр киргизип, мындан кийин да кошумча жазалоо чаралары көрүлөт деп эскертти.

АКШнын Каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы жарыялаган маалыматка караганда, Бирманын Аскер аба күчтөрүнүн башкы командачысы, генерал Маун Маун Чжо жана Башкы штабдын мурдагы башчысы, генерал-лейтенант Моу Мин Тун санкцияларга кабылышты. Генерал Моу Мин Тун ордо шаар Нейпидодогу атайын коопсуздук амалдарынын бюросун да жетектеген.

«Аскер жетекчилери эми өз аракеттерин жокко чыгарып, Бирмада демократиялык жол менен шайланган өкмөттү тез арада калыбына келтириши керек. Болбосо Каржы министрлиги мындан аркы чараларды да көрүүдөн эч тартынбайт”, – деп алиги башкармалык билдирүү жасады.


Ушундай эле эскертүүнү АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да жарыялады. "Биз зордук-зомбулук көрсөткөндөргө жана элдин эркин баскандарга каршы эч тартынбастан туруп кошумча чараларды көрүүгө барабыз", – деп Блинкен 22-февралда билдирди.


Дүйнө коомчулугу да хунтадан Бирмадагы мыйзамдуу жарандык бийликти тез арада калыбына келтирүүнү, абакта жаткандарды дароо бошотууну талап кылууда.

XS
SM
MD
LG