Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:51

Мьянмада аскердик бийликке каршы демонстрацияда эки киши көз жумду


Мьянмада аскердик бийликке каршы демонстрациялар уланып жатат.
Мьянмада аскердик бийликке каршы демонстрациялар уланып жатат.

Мьянмада (Бирма) аскердик төңкөрүшкө каршы нааразылык акциясында кеминде эки киши каза болду, жыйырмадай адам жараат алды.

Өлкөдөгү экинчи ири шаар Мандалайда болгон кандуу окуяны Кошмо Штаттар жана Евробиримдик айыптады.

Полиция кызматкерлери жана аскерлер демонстранттарды аткылашкан. АКШ Мамдепартаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс Вашингтон наарызылык акциясына чыккандарга каршы курал колдонулганы тууралуу маалыматтарга «терең тынчсызданып» жатканын билдирди. Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел аскердик күчтөрдү айыптап, Мьянмадагы окуялар 22-февралда өтө турган шаркетке мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынында талкууланарын кошумчалады.

Мьянмада төңкөрүш болгон үч аптадан бери АКШ, Британия, Канада жана Жаңы Зеландия аскердик лидерлерге санкцияларды киргизишкен.

1-февралда Мьянмада аскерлер төңкөрүш жасап, бийликти ээлеп алышкан. Жарандык лидер Аун Сан Су Чжи жана анын партия лидерлери камакка алынган. Армия былтыр ноябрда өткөн шайлоонун жыйынтыктары бурмаланган деп эсептейт. Анда Аун Сан Су Чжинин Демократия үчүн улуттук лигасы алдыга чыккан эле.

Аскерлер жаңы шайлоо өткөрүп, бийликти жеңүүчүлөргө тапшырып берерин айтышууда.

XS
SM
MD
LG