Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 09:24

Мьянмада калайман каршылык күчөдү


Бул демонстранциялар Мьянмадагы соңку он жылдан берки эң ири каршылык акциялары болуп калды.

Мьянмада демократиялык башкарууну калыбына келтирүүнү талап кылган калайман каршылык акциялары беш күндөн бери токтой элек.

Полиция демонстранттарга каршы суу бүркүп, жаш агызчу газ, желим жана кадимки ок колдонду.

Ушул айдын башында Түштүк-Чыгыш Азиядагы бул мамлекетте аскердик төңкөрүш болуп, өлкөнүн лидери Ауң Сан Су Чжи менен президент Вин Мьин баштаган саясий жетекчилер камалган.

Шаршембиде Мьянманын борбору Нейпьидо, Янгон, Мандалай өңдүү ири шаарларда миңдеген адам көчөгө чыкты. Мунун алдында бийлик жарандардын чогулушуна тыюу салган жана түнкү коменданттык саат киргизген.

Полиция көчөгө чыккандарга каршы суу бүркүп, жаш агызчу газ, желим жана кадимки ок колдонду. Анда бир катар жарандар олуттуу жарадар болгону, ондогон адам камалганы кабарланды.

Кошмо Штаттары менен Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) баштаган эл аралык коомчулук демонстранттарга каршы күч колдонулганын айыптап жатат.

"Биз демонстранттарга каршы зомбулукту кескин айыптайбыз. Мьянмадагы адамдардын баары оюн эркин билдирүүгө, тынч жыйындарга чогулууга, анын ичинде тынч каршылык акцияларгы чыгууга укугу бар. Биз дагы бир жолу аскерлерге бийликтен баш тартып, демократиялык жол менен тандалган өкмөттү калыбына келтирүүгө, кармалгандарды бошотууга, телекоммуникацияны чектөөнү жана зомбулукту токтотууга чакырабыз", - деди АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Нэд Прайс.

Бул калайман каршылык акциялар соңку он жылдан берки өлкөдөгү эң ири демонстранция болуп калды.

Мьянмада 1-февралда аскердик күчтөр төңкөрүш жасап, өлкөнүн чыныгы лидери Ауң Сан Су Чжи менен президент Вин Мьин баштаган «Демократия үчүн улуттук лига» башкаруучу партиясынын жетекчилерин камакка алган.

Ауң Сан Су Чжи
Ауң Сан Су Чжи

Кийинчерек полиция Су Чжиге байланыш каражаттарын мыйзамсыз алып жүргөн деген айып койгон. Анда 75 жаштагы саясатчынын үйүнөн уруксаты жок колдонуп жургөн рациялык байланыш табылганы айтылган.

Вин Мьин табигый кырсыктардын кесепетин жоюуда мыйзам бузган деп айыпталды.

Төңкөрүштөн улам өлкөдө бир жылга өзгөчө абал жарыяланган жана муну аскер башчылары шайлоодон чыккан талаш-тартыштардын шартында «туруктуулукту сакташ үчүн» жасалды деп жүйө келтиришкен.

Ноябрдагы парламенттик шайлоодон улам армия менен мамлекет башчылардын мамилеси курчуп кеткен эле. Аскер жетекчилери добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланганын айтып, анын жокко чыгарылышын талап кылышкан. Бул шайлоодо бийликтеги «Демократия үчүн улуттук лига» эң көп добуш алган жана парламенттин жаңы курамынын алгачкы жыйыны 1-февралда белгиленген.

Төңкөрүштөн кийин президенттин милдети буга чейин вице-президент болуп турган мурдагы генерал Мьинт Суга жүктөлгөн, Ал эми бийлик толугу менен Куралдуу күчтөрдүн кол башчысы Мин Аун Хлаинге өткөн. Бийлик "Твиттер", "Фейсбук" өңдүү социалдык тармактарды жапкан.

Түштүк-Чыгыш Азиядагы бул мамлекетти армия ондогон жылдар бою көзөмөлдөп келген. Демократиялык реформалар 2011-жылы башталган. 2015-жылы Су Чжи 15 жылдык үй камагынан чыгып, бийликке келгенден кийин деле аскер башчылар саясий жана экономикалык салмагы менен таасирин сактап калган.

Тараптардын бийлик бөлүштүрүү боюнча макулдашуусуна ылайык парламенттеги мандаттардын 25% жана коопсуздук боюнча үч башкы министрлик армияга берилген.

Су Чжи кезинде Мьянмадагы аскердик бийликке каршы күрөш үчүн Нобелдин тынчтык сыйлыгын алган. Ал бийликке келгенден кийин өлкөнүн батышындагы Ракхайн штатында рохинжа мусулмандарына жасаган саясатынан улам сынга кабылган.

2017-жылда башталган коопсуздук күчтөрүнүн операциялары маалында улуттук азчылыктыктын миңдеген өкүлдөрү мерт болуп, дагы 700 миңден көбү Бангладешке баш калкалап качышкан.

БУУ басымдуу бөлүгүн буддисттер түзгөн Мьянманын армиясынын мусулман азчылыкка жасаган мамилесин улуттук негизде кыргын салуу аракети катары баалаган. Бирок Мьянманын бийлиги аскердик операцияларга согушкерлер тобунун чабуулу себеп болгонун билдирген.

XS
SM
MD
LG