Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:43

Мьянмада аскердик бийликке каршы демонстрациялар уланды


Янгондогу нааразылык акциясы, 22-февраль, 2021-жыл.
Янгондогу нааразылык акциясы, 22-февраль, 2021-жыл.

Мьянмада аскердик төңкөрүшкө каршы болгон жарандардын демонстрациялары уланып жатат. Аскердик бийлик акцияга чыккандарга каршы курал колдонуларын эскерткенине карабай 22-февралда өлкөнүн бир катар шаарларында демонстрациялар өттү. Янгон, Нейпьидо шаарларында миңдеген адамдар көчөгө чыгып, өз талаптарын айтышты. 21-февралда аскердик хунта демонстранттарды опузалаган билдирүүнү мамлекеттик телевидение аркылуу таратты.

Жекшембидеги акциялар учурунда аскерлердин огунан үч адам каза болду. Ага чейин дагы бир адам каза болгон эле.

21-февралда АКШнын бийлиги Мьянмадагы аскердик бийликке каршы басым күчөтүлө турганын эскертти.

Бирма деген аталыш менен да белгилүү Мьянма 2011-жылга чейин аскердик бийликтин көзөмөлүндө болгон. Дал ошол жылы аскердик бийлик кулатылып, демократиялык өзгөрүүлөргө жол ачылган эле. Быйыл 1-февралда аскерлер кайрадан бийликти кулатып, Нобель сыйлыгынын ээси Аун Сан Су Чжи баш болгон жетекчилерди камакка алган. Учурда Аун Сан Су Чжи өз тарапкерлерине кайрылып, аскердик диктатуранын кайрадан орношуна жол бербөөгө чакырды.

XS
SM
MD
LG