Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 16:31

Су Чжи сындарга жооп берди


Аун Сан Су Чжи Ханойдогу форумда, 13-сентябрь 2018-жыл.

Мьянманын де-факто лидери Ан Сан Су Чжи Reuters агенттигинин эки журналистине чыккан сот өкүмүн коргоду. Рохинжа мусулмандарынын куугунтукталышы тууралуу материалдарды даярдаган кабарчылардын жети жылга эркинен ажыратылышы эл аралык коомчулуктун кескин сынына кабылган.

Кезинде Мьянмадагы демократиялык кыймылдын символуна айланып, соңку бир жылдан бери рохинжаларга жасалган мамиледен улам сынга кабылып келе жаткан Ан Сан Су Чжи Reuters агенттигинин соттолгон журналисттери боюнча үн катты.

Мьянманын "де-факто" лидери 13-сентябрда ASEAN уюмунун алкагында Ханой шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форумунда сөз сүйлөп, журналисттер Ва Лоун жана Со Оону жети жылга эркинен ажыраткан сот чечимин коргоп чыкты.

Ал бул иш Мьянмадагы сөз эркиндигинин абалынан кабар бербей турганын айтты:

- Алар журналист болгону үчүн соттолушкан жок. Сот аларды Мамлекеттик сырлар тууралуу мыйзамды бузду деп тапканы үчүн соттолушту. Эгер биз мыйзамдын үстөмдүгүнө ишенсек, алар доо арыз менен кайрыла алат жана сот өкүмүн туура эмес деп эсептешсе, ал кемчиликти көрсөтүп берүүгө укугу бар.

Мьянма аскерлеринин колунан ажал тапкан рохинжа мусулмандары тууралуу материал даярдап келген 32 жаштагы Ва Лоун жана 28 жаштагы Со Оо былтыр декабрь айында кармалган. Сентябрдын башында Мьянманын соту аларды "мамлекеттик сырды ачыкка чыгарган" деп таап, абакка кескен.

32 жаштагы Ва Лоун (оңдо) менен 28 жаштагы Со Оо.
32 жаштагы Ва Лоун (оңдо) менен 28 жаштагы Со Оо.

Соттун мындай чечими эл аралык коомчулуктун кескин айыптоосуна кабылып, Аун Сан Су Чжинин дарегине айтылган сындарды да ого бетер күчөттү. Reuters агенттиги журналисттер атайын уюштурулган тузакка туш болгонун билдирген. Кабарчылардын өздөрү жашыруун деп мүнөздөлгөн документтер алардын телефонунда кандайча пайда болуп калганын да түшүнбөй турганын айтышкан.

Аун Сан Су Чжинин Ханойдогу форумда айткандарына "Хьюман Райтс Уотч" укук коргоо уюму жооп кайтарып, Мьянманын лидери "мыйзам үстөмдүгүн" түшүнбөй турганын көрсөттү деп белгиледи.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюму да журналисттердин соттолушун Мьянмадагы сөз эркиндигинин чектелиши катары мүнөздөгөн.

- Буйрук кайсы тараптан келип жатканын, бул жалпы саясаттын туундусу же айрым аткаминерлердин аракети экенин так айтуу кыйын. Көз карандысыз журналисттерди кысымга алуу саясатын өлкөнүн армиясы же жарандык өкмөт жүргүзүп жатканын да азырынча билбейбиз. Бирок бул жагдай журналисттерге кедергисин тийгизип жатканы бышык, - деп билдирген БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын басма сөз катчысы Равина Шамдасани.

Бангладешке жер которгон рохинжа качкындарынын балдары.
Бангладешке жер которгон рохинжа качкындарынын балдары.

2017-жылдын август айында Мьянманын Ракхайн штатында миңдеген рохинжа мусулмандары коопсуздук күчтөрүнүн операциялары маалында каза таап, 700 миңден ашууну коңшу Бангладешке качууга аргасыз болгон. Бириккен Улуттар Уюму басымдуу бөлүгүн буддисттер түзгөн Мьянманын армиясынын мусулман азчылыктарына жасаган мамилесин "бир улутка кыргын салуу" аракети деп баалаган. Бирок Мьянма Ракхайн штатындагы операцияларга рохинжаларды коргоону көздөгөн согушкерлер тобунун чабуулу себеп болду деп билдирген.

2016-жылдагы шайлоодон кийин Мьянманын лидерине айланган Аун Сан Су Чжи да рохинжалардын куугунтукка кабылышын ачык айыптоодон баш тартып, армия аракетин актаганга аракет кылган. Ал Ханойдогу форумда да бул тема боюнча оюн билдирди:

- Артка кылчайып карасак, албетте, маселени жакшыраак жол менен чечсе болмок деп ойлой алабыз. Бирок биз узак мөөнөттүк туруктуулук жана коопсуздук үчүн бардык тараптарга тең кароо керек деп эсептейбиз. Мыйзам үстөмдүгү бардыгына бирдей болушу керек. Мыйзам тарабынан корголушу керек деп кайсы бир адамды бөлүп карай албайбыз.

Аун Сан Су Чжи кезинде Мьянманын аскердик бийлигине каршы күрөшү үчүн Нобелдин тынчтык сыйлыгына ээ болгон. Бирок ал бийликке келгенде рохинжаларга каршы куугунтукту токтото алган жок деп алигиче сынга алынып жатат. Айрымдар Су Чжини Нобел сыйлыгынан ажыратуу демилгелерин да көтөрүп чыгышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG