Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:17

Кытай жарандарына "эмдөө паспортун" бере баштады


Вакцина салынган арабача КЭРдин желегинин үстүндө тартылган.
Вакцина салынган арабача КЭРдин желегинин үстүндө тартылган.

Кытай чет өлкөлөргө сапарга чыгууну көздөгөн жарандары үчүн COVID-19 илдетинен эмделди деген санариптик документ чыгарды. Сертификатта адамдын вакцинациядан өтүп-өтпөгөнү жана коронавирус анализинин жыйынтыгы жазылат. Расмий кагазды Кытай жарандары WeChat деген социалдык тармактагы программадан чыгарып алса болот.

9-мартта Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү документ "дүйнөлүк экономиканы калыбына келтирүү жана чек аралардан өтүүнү жеңилдетүү үчүн" киргизилгенин билдирди. Ошол эле маалда дүйнөдөгү алгачкы “вирустук паспорт” катары белгилүү тастыктама милдеттүү болуп эсептелбейт.

АКШ жана Улуу Британия ушу тапта бул өңдүү документ киргизүүнү караштырып жатышат. Европа Биримдиги дагы эмдөөдөн өткөн жарандарына блоктун өлкөлөрүнө ээн-эркин каттоого уруксат берген “жашыл документтин” үстүнөн иштеп келатат.

Израилде да эмделгендерге "жашыл паспорт" аталган күбөлүк берилет.

Мында спорт залдар, мейманканалар жана театрлар сыяктуу эс алуу жайларына вакцинанын эки дозасы менен бир жумадан ашуун убакыт мурда эмделгендер же коронавирустан айыгып, иммунитети пайда болду делген кишилер гана кире алышат.

Бул топтордогу кишилер Израилдин Саламаттык сактоо министрлигинин интернеттеги тиркемесинде жарыяланган "Жашыл паспорт" макамына ээ болушат.

Бирок мындай өзгөчө документ берүү демилгеси "Жеке маалыматтардын коопсуздугу кандайча сакталат жана мамлекеттин жарандардын үстүнөн көзөмөлү ашыкча кеңейеби?" деген суроолор боюнча санааркоолорду да жаратууда.

Өзгөчө мындай документтер авторитардык мамлекеттерде адам укуктарынын бузулушунун дагы бир куралына айланышы ыктымал дешет айрым укук коргоочу адистер.

XS
SM
MD
LG