Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:52

АКШ өзү чыгарган вакцинаны каралап жатат деп Орусияны күнөөлөдү


Коронавируска каршы вакцина (Иллюстрациялык сүрөт)
Коронавируска каршы вакцина (Иллюстрациялык сүрөт)

АКШ өзү чыгарган вакциналарга каршы Орусия тарабынан атайлап туура эмес маалыматтарды таратуу кампаниясы жүрүп жатат деп Кремлди айыптады.

Кошмо Штаттары коронавируска каршы Америкада өндүрүлгөн вакциналарды каралоо боюнча Орусия атайын маалымат кампаниясын жүргүзүп жатканын жарыялады.

Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Нед Прайс артында Орусиянын атайын кызматы (ФСБ) турган бир нече онлайн-платформа вакциналар тууралуу жалган маалыматтарды таратып келатканы аныкталганын билдирди:

Нед Прайс
Нед Прайс

«Орусия эски ыкмаларын колдонуп, күнүнө канчалаган өмүрдү сактап жаткан вакциналар тууралуу дезинформация таратуу аркылуу адамдардын өмүрүн коркунучка кептеп жатат”.

Прайс орусиячыл сайттар Кошмо Штаттардын тиешелүү органдары буга чейин текшерип, каттоодон өткөргөн эки вакцина жөнүндө карандай калп маалыматтарды таратып жатканын кошумчалады.

АКШнын бийлиги бул билдирүүсүн The Wall Street Journal басылмасы 7-мартта макала чыгарган соң таратты. Анда гезит Мамлекеттик департаментке караштуу Глобалдык өз ара аракеттенүү борборунун изилдөөсүнө таянып вакциналарды каралоого катышкан төрт онлайн-платформа аныкталганын баяндаган.

The Wall Street Journalдын маалыматы боюнча аталган веб-сайттар АКШда өндүрүлгөн Pfizer вакцинасынын коркунучу тууралуу апырткан кабарларды жарыялап, Орусиянын Sputnik V вакцинасына караганда начар дегендей маанай жараткан.

Глобалдык өз ара аракеттенүү борбору New Eastern Outlook, Oriental Review жана News Front сыяктуу платформалар коронавируска каршы каралоо кампаниясын жүргүзгөн деп шектенүүдө. Биринчи эки платформаны Орусиянын Тышкы чалгын кызматы көзөмөлдөсө, Москва аннексиялап алган Крымда түзүлгөн News Front (Жаңылык фронту) сайтынын артында Федералдык коопсуздук кызматы турушу мүмкүн.

Чет өлкөлүк пропаганданы көзөмөлдөгөн борбор былтыр Орусияга байланышы бар миңдеген аккаунттар COVID-19 эпидемиясы тууралуу расмий маалыматтарга көлөкө түшүргөн бир нече кампания уюштурганын аныктаган.

Борбор адегенде Кытай дагы ошондой аракеттерге барганын, бирок кийин баш тартканын жана вируска каршы чараларга басым жасоону чечкенин аныктаган.

Авторитардык бийликтер тараткан жалган билдирүүлөрдү анализдеген “Демократиянын коопсуздугу үчүн” альянсы 8-мартта тараткан баяндамада орусиячыл сайттар Pfizer вакцинасын бутага алышканы айтылат.

“Pfizerди каралоого басым жасалганын коронавируска каршы дүйнөдө биринчи вакцина болгону менен түшүндүрсө болот. Мындай жол менен Орусия өндүргөн Sputnik V вакцинасына үстөмдүк кылып, артта калтырган”-деп айтылат уюмдун докладында.

Мындан соң Ак Үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки Жо Байдендин администрациясы Кремлдин мындай аракеттерине көз салып турганын жана аны менен күрөшө турганын билдирди.

“Биз ээ болгон бардык каражаттар менен дезинфорацияга каршы күрөшөбүз. Бул бизге жаңылык эмес жана орус тараптын жалган маалымат таратуу ыкмасы жана тактикасы менен жакындан таанышпыз. Биз кандай гана болбосун вакциналар коопсуз экенин кайталап турмакчыбыз".

Ал эми бул маалыматтар тараган соң Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков комментарий берип, АКШнын билдирүүсүн четке какты.

Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

“Бул болбогон сөз. Вакцинаны сындоого Орусиянын атайын кызматтарынын эч кандай тиешеси жок,”- деди орус президентинин маалымат катчысы

АКШ з өндүргөн Pfizer, Moderna жана Johnson & Johnson вакциналарын каттоодон өткөрүп, эмдөө үчүн колдонуп жатат. Алар вируска каршы 90 пайыздык натыйжа көрсөтөөрү аныкталган.

Ошол эле маалда Орусия өндүргөн Sputnik V вакцинасы изилдөөлөрдүн жүрүшүндө 90 пайыздык эффективдүүлүк көрсөтүп, бир катар мамлекеттерде колдонула баштады. Бул вакцинаны колдонуу максатында Европа Биримдиги да аны текшерип жатканы маалым. Бирок 7-мартта Европадагы дары-дармекти көзөмөлдөө агенттигинин жетекчилиги Европа Биримдигинин мүчөлөрүнө Sputnik V вакцинасын текшерүүнүн жыйынтыктары биротоло чыкмайынча аны каттабай турууга кеңеш берген.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG