Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:34

Си Цзинпин Садыр Жапаровду Бээжинге чакырды


Садыр Жапаров ант берүү учурунда
Садыр Жапаров ант берүү учурунда

22-февралда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытайдын лидери Си Цзинпин менен телефондон сүйлөштү.

Сүйлөшүү учурунда Си Цзинпин Садыр Жапаровду Кытайга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек кабарлады.

Телефон менен сүйлөшкөн эки лидер кызматташуунун өзөктүү багыттарын, анын ичинде соода-экономикалык жактан өз ара байланышты арттырып, коронавирус илдетинин жайылышына каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулашкан.

Садыр Жапаров Кытай тарапка ар тараптуу колдоосу үчүн, анын ичинде коронавирус оорусуна каршы эмдөө үчүн вакцина берүү боюнча чечимине ыраазычылык билдирди.

Быйыл 10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан Садыр Жапаровдун чет элге алгачкы иш сапары 24-25-февралда Орусиянын борбору Москвадан башталганы турат.

Кыргызстан Кытай менен Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында да кызматташып келет.

Кытайдын ШУАРында Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу жана бир катар кыргыз автоном кыштактары бар. Жалпысынан КЭРде 200 миңден ашуун жергиликтүү кыргыздар байырлашат. Андан тышкары кыргызстандык студенттер да КЭРде таалим алып жатышат. (BCh)

XS
SM
MD
LG