Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:41

Өзил Шинжаңдагы мусулмандарды коргоду


"Арсенал" футбол клубунун оюнчусу Месут Өзил. 15-декабрь, 2019-жыл.
"Арсенал" футбол клубунун оюнчусу Месут Өзил. 15-декабрь, 2019-жыл.

Кытайдын борбордук телеканалы (CCTV) "Арсенал" жана "Манчестер Сити" футбол клубдарынын беттешин футболчу Месут Өзилдин сөзүнөн улам көрсөтпөй койду. "Арсеналдын" оюнчусу Өзил кытай бийлиги Шинжаң уйгур автоном районундагы уйгурларга басым жасап жатканын "Твиттерге" жазып, Бээжинди айыптаган.

"Алар Куранды жок кылып жатышат… Алар мечиттерди жабышууда…Медреселерге тыюу салышты… Эркектерди күчтөп лагерлерге жөнөтүп, эже-карындаштарыбызды кытайларга турмушка берип жатышат…", - деген түрк тилиндеги пикирин «Арсеналдын» оюнчусу Месут Өзил «Твиттердеги» жана «Инстаграмдагы» баракчасына 13-декабрда бөлүшкөн.

Кытай бийлигин Шинжаң уйгур автоном районундагы уйгурларга басым жасап жатканы үчүн айыптаган бул билдирүүнү 135 миңдей адам жактырып, 52 миңге жакыны бөлүштү. 14 миңдей киши комментарий жазган.

Кытайдагы англис тилдүү "Global Times" "Өзилдин айткандары чындыкка дал келбейт" деп таап, футболчу кытайлык күйөрмандарын иренжиткенин жазды.

Ал эми Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Өзил жалган маалыматтардын таасиринде калган болушу керек деп, футболчуну аймакка келип, кырдаалды өз көзү менен көрүп кетүүгө чакырды.

- Биз Өзил мырзаны Шинжаңга келип кетүүгө чакырабыз. Калп менен чынды ажыратып билет, объективдүү жана калыс боло алат деп ойлойбуз. Ал бул жакта таптакыр башка Шинжаңды көрөт, - деди Ген Шуан.

Өзилдин билдирүүсүнөн улам Кытайдын борбордук телеканалы (CCTV) Британиянын "Арсенал" жана "Манчестер Сити" футбол клубдарынын беттешин да көрсөтпөй койду.

Диний ишенимин жана социалдык жашоо образын күчтөп өзгөрткөн Шинжаңдагы «саясий тарбия берүүчү лагерлерде» ислам динин тутунган аз улуттардын миллиондой өкүлү, атап айтканда, уйгурлар, казактар жана кыргыздар бар экени тууралуу маалыматтар 2015-жылдан бери айтыла баштаган. Бээжин бул дооматтарды четке кагып, лагерлерди «тил жана кесип үйрөтүүчү борборлор» деп атап келет.

Кытайдагы уйгур азчылыгын коргогондор Месут Өзилге ыраазычылык жазылган кагазды кармап турушат. 14-декабрь, 2019-жыл.
Кытайдагы уйгур азчылыгын коргогондор Месут Өзилге ыраазычылык жазылган кагазды кармап турушат. 14-декабрь, 2019-жыл.

Өткөн айда кеңсеси Вашингтондо жайгашкан «Чыгыш Түркстан» улуттук козголуш кыймылы (ETNAM) Кытайда мусулман азчылыктары кармалып турган 500гө жакын лагерь жайгашкан жерди таап чыккан.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, бул лагерлерде кеминде 1 миллиондой киши кармалып турат.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана "Арсеналдын" футболчусу. 13-май, 2018-жыл.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана "Арсеналдын" футболчусу. 13-май, 2018-жыл.

“Арсенал” клубунун жарым коргоочусу биринчи ирет саясий жаңжалга аралашып жаткан жери жок. 2018-жылы Орусиядагы Дүйнөлүк чемпионатты утурлай ал Лондондо Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүрөткө түшө коюп, немис медиасынын сынына кабылган. Көп өтпөй, чемпионат аяктары менен ал Германия курама командасынан кетерин жарыялаган. Футболчу анда чечимин өлкөдөгү расизмге шылтаган. Быйыл жайында Өзил үйлөнгөндө түрк президенти тоюна куттуктап башкы конок болгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG