Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:16

Марипов: Жакында мамлекеттик кызматкерлер аттестациядан өтөт


Премьер-министр Улукбек Марипов
Премьер-министр Улукбек Марипов

Өкмөт башчы Улукбек Марипов калкка кайрылуу жасап, анда 29-январда президент Садыр Жапаров кол койгон “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” жарлыкты чечмеледи. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 22-февралда кабарлады.

Өз кайрылуусунда премьер-министр Марипов мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлдеги кадрларды тандоо жана иштетүүнүн системасы жакшырарын, президенттин башкы тапшырмасы - кадр тандоо тажрыйбасын кескин өзгөртүү экенин белгиледи.

Жарлыкка ылайык райондордун акимдери, орун басарлары аттестациядан өтүп, ошондой эле орун алмашып иштеп турмакчы.

Мунун башкы максаты – ынтымакты бекемдеп, мамлекеттик кызматтагы “түндүк-түштүк” түшүнүгүн жок кылуу, кадрдык трайбализмди азайтып, кландык башкаруудан арылуу, коррупциялык схемаларга бөгөт коюу болмокчу.

“Жакынкы күндөрү аттестация болуп, баарына бирдей шарт түзүлөт. Бул процесс ачык өтүп, коомчулук көрө алат. Аттестациялык комиссияга район жана облустардын калк арасында кадыр-баркы бар мурдагы жетекчилери, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ардагерлери мүчө болот”, - деп айтылат өкмөт башчынын кайрылуусунда.

Буга чейин мамлекеттик органдардагы ротация Ички иштер министрлигинин облустук жана райондук бөлүмдөрүндө ишке ашты.

Марипов жетектеген жаңы өкмөттүн түзүмү 3-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ант берип, кызматка киришкен. Андан кийин бир канча министрликтер, мамлекеттик мекемелер кыскарып, өкмөттүн курамы 16 мүчөдөн куралды. (BCh)

XS
SM
MD
LG