Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

"Спутник V" вакцинасы менен элчилер эмделди


Коронавируска каршы эмдөө. (Иллюстрациялык сүрөт)
Коронавируска каршы эмдөө. (Иллюстрациялык сүрөт)

"Спутник V" вакцинасын иштеп чыккан мекеме аталган вакцинага Орусиядагы бир катар элчиликтер кызыгып жатканын "Твиттердеги" расмий баракчасына жазды. Алардын ичинде Кыргызстандын элчилиги да аталган.
Бул маалыматты элчиликтин басма сөз катчысы Назгүл Жусубакунова ырастады. Анын "Азаттыкка" билдиргени боюнча элчиликтин кызматкерлерин жана алардын үй-бүлөлөрүн "Спутник V" менен эмдөө Орусия тараптан сунушталган:

"Айрым кызматкерлер өз каалоосу менен эмдөөдөн өтүштү. Алардын абалы жакшы", -деп билдирди Жусубакунова.

Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев өткөн жумада Москвага иш сапары менен барып, коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасын Кыргызстанга алып келүү маселесин орус бийлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшкөн. Министр ошондой эле аталган вакцина менен Орусиядагы кыргызстандык мигранттарды да массалык эмдөөгө көмөктөшүүсүн орус тараптан өтүнгөнүн министрликтин басма сөз кызматы кабарлаган.

Кыргызстан буга чейин коронавируска каршы «AstraZeneca» вакцинасын тандап алган.

Эмдөө март айында башталып, 504 миң доза алгач медицина кызматкерлерине жана мугалимдерге сайылары кабарланган.

Ал эми "Pfizer" вакцинасын -70 градус температурада сактоо мүмкүнчүлүгү жок деген болгондуктан Кыргызстан андан баш тартканы кабарланган. Аталган вакцина Кыргызстанга глобалдык COVAX альянсынын алкагында сунушталган.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 22-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 вирусу 44 кишиден табылган. Жүздөн ашуун адамдын абалы оор экени айтылды. Март айынан бери илдеттен 1458 адам көз жумду.(TSh/ZKo)

XS
SM
MD
LG