Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү облус аймагынан коңшулаш Тажикстанга мыйзамдуу өтүү үчүн 3 негизги чек ара бекеттери бар экенин маалымдады. Ага ылайык коңшу өлкөдөн Кыргызстанга же Кыргызстандан Тажикстанга эки мамлекеттин ортосундагы үч чек ара бекети аркылуу өтүү мыйзамдуу болуп саналат.
Таратылган маалыматта "алар: Лейлек районундагы Кулунду, Кайрагач жана Баткен районундагы Кызыл-Бел чек ара өткөрүү бекети. Ошондой эле чек аралаш аймактардагы жарандарга атайын белгиленген транзит жолдордон өтүүгө уруксат берилген. Бул жолдор - Баткен районунун Көк-Таш, Таш-Тумшук, Ак-Сай, Тажикстандын Исфара-Ворух жолдору. Булардан башка аймактардан чек араны кесип өтүү мыйзамсыз болуп саналат," деп жазылган.
16-февралда Баткен районунун 3, Кадамжай районунун 2 тургуну Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагы аркылуу Тажикстандын мал базарына барып, Тажикстандын Согди облусунун Кистакуз аймагынан кармалган. Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү алар кайтып келе жатып, жол таба албай, чек ара бекетинен тышкары аймактан өткөнү үчүн Тажикстандын күч кызматтары тарабынан кармалганын маалымдаган.
Бүгүн, 22-февралда Баткенде облустук акимчиликтин алдына жүздөй киши чогулуп, түрдүү себептер менен Тажикстанда кармалып турган туугандарын бошотуп берүүгө көмөктөшүүсүн облустук бийликтен талап кылышкан. Алар жыйырмадан ашуун кыргызстандык жаран "чек арадан мыйзамсыз өткөн", "аткезчилик менен товар ташыган" деген негизде Тажикстанда кармалып турганын айтып чыгышкан. Аларды өкмөттүн өкүлү Өмүрбек Суваналиев кабыл алып, 16-февралда кармалган кыргызстандыктарды алып келүү боюнча чара көрүп жатканын билдирген.(ZKo)