Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

АКШда коронавирустан каза болгондордун саны жарым миллионго жакындады


Америка Кошмо Штаттарында коронавирустан көз жумгандардын саны жарым миллионго жакындады. Эмдөө өнөктүгүнүн башталышы менен илдетти жуктуруп алгандардын саны күндөн күнгө азайып барат.

Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, 22-февралга карата COVID-19дан 499 миң адам каза болду. Ал эми дүйнөдө бул илдеттен ажал тапкандардын саны эки жарым миллионго чукулдады. Анткен менен өлгөндөрдүн чыныгы саны мындан да көп болушу мүмкүн экени айтылып келет. АКШны учурда коронавирустун «үчүнчү толкуну» каптап жатат. Ооругандардын саны азайып, эмделгендердин саны көбөйүп баратканы менен саламаттык сактоо системасынын өкүлдөрү пандемиянын аякташына көп бар экенин эскертип жатышат.

Өзгөчө тынчсызданууну коронавирустун мутацияланган жаңы түрлөрү жаратууда. Буга чейин Түштүк Африкада чыккан коронавирустун жаңы штаммы айрым вакциналарды тоготпой турганы маалымдалган.

XS
SM
MD
LG