Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 03:27

Беш жылда жергиликтүү кеңешке шайлоочулардын саны 600 миң адамга көбөйдү


Президенттик шайлоодогу добуш берүү жараяны. 10-январь, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Беш жылда жергиликтүү кеңешке шайлоочулардын саны 600 миңден ашуун адамга көбөйдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.

11-апрелде 448 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт. Мунун ичинен 28и шаардык, 420сы айылдык кеңештер. Жалпысынан жергиликтүү кеңештерге 8326 депутат шайланат. Алардын ичинен аялдар үчүн 2858 квота берилген.

448 жергиликтүү кеңешке шайлоого 3 304 485 адам добуш берет. Бул 2016-жылкы шайлоодогу добуш берүүчүлөрдүн санына караганда дээрлик 600 миң шайлоочуга көп. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 2274 шайлоо участогунда жүрөт. 2016-жылы 2152 шайлоо тилкеси болгон.

11-апрелде Бишкек, Ош шаардык кеңештерине да шайлоо болот. БШКнын маалыматына караганда, Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу ниетин билдирип, 22 партия кайрылган.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууну көздөгөн партиялардын арыз берүү мөөнөтү 1-мартта аяктайт. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG