Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

БШК: Атазовдун мандат алышы соттун чечимине жараша болот


Шайлообек Атазов.
Шайлообек Атазов.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов жакында эле башка кызматка дайындалган Искандер Гайпкуловдун мандатын алып, тизмедеги кийинки талапкер Шайлообек Атазовго өткөрүп берүү маселеси сот чечиминен кийин караларын «Азаттык» радиосуна маалымдады.

«Кийинки тизмеде Шайлообек Атазов турат. Менин маалыматым боюнча Текебавдин мандаты боюнча маселе Жогорку сотто 24-февралда каралышы мүмкүн. Ошондой кийин мандат берүү маселеси чечилет”, - деди Бекматов.

Искандер Гайпкулов 9-февралда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Гайпкуловдун кийин «Ата Мекен» партиясынын 2015-жылкы тизмесинде спортчу Шайлообек Атазов турат.

Шайлообек Атазов — кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону, 2018-жылдан тартып бир тууган Матраимовдорго таандык EREM спорт клубунда машыктыруучу болуп иштеп келет. 2020-жылдагы 4-октябрдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясынан 42-тизмеде турган талапкер болгон. Ал социалдык тармактарда мурдагы бажы кызматкери Райымбек Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн таламын талашып жүрөт.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2015-жылкы шайлоого өз партиясынын тизмесин баштап келип шайланып, фракция лидери болуп турган. 2017-жылы ал «Мегаком иши» боюнча сот жообуна тартылганда мандатынан ажыратылган. Анын ордуна Искандер Гайпкулов депутат болуп келген.

2020-жылы Жогорку сот «Мегаком ишин» жаңы жагдайларга байланыштуу кайра кароого жөнөткөндөн кийин «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз өзүнүн депутаттык мандатын партия лидерине ыйгаруу өтүнүчү менен БШКга арыз жазган. БШК арызды былтыр 15-октябрда карап, көпчүлүк добуш менен канааттандырган.

Мындан кийин активист Темирлан Ормуков Текебаевге Шер-Нияздын мандаты берилгенин мыйзамсыз деп атап, ага Гайпкуловдун мандаты берилиши керектигин талап кылып сотко кайрылган.

2020-жылдын 23-ноябрында Бишкектин административдик соту Ормуковдун арызынын негизинде Боршайкомдун Текебаевге депутаттык макамды кайтаруу тууралуу 15-октябрдагы токтомун жараксыз деп тапкан. Бишкек шаардык соту да 25-декабрда Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу тууралуу чечим чыгарган. БШК Жогорку сотко даттанган. (TSh)

XS
SM
MD
LG