Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:48

Депутат Клара Самат Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болду


Гүлнара-Клара Самат Жогорку Кеңештин депутатынын күбөлүгүн алган учур. 15-май, 2018-жыл.
Гүлнара-Клара Самат Жогорку Кеңештин депутатынын күбөлүгүн алган учур. 15-май, 2018-жыл.

Парламент депутаты Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Орусиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Гүлнара-Клара Самат 2018-жылы май айында "Ата Мекен" партиясынан мурдагы депутат Аида Салянованын ордуна депутат болуп келген. Ошол учурда анын орус жарандыгы болушу мүмкүн экенин айткан "Карек" коомдук бирикмеси бул маселени тактоону Борбордук шайлоо комиссиясынан өтүнгөн. БШК "кош жарандык тууралуу маалымат кылдат текшерилгенден кийин гана мандат берилгенин" билдирген болчу.

Клара Кабилова 2007-жылы БШКнын төрайымы болуп иштеген. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимден ыдык көргөнүн жарыялап, Орусияда жашап жүргөн. Кийин ысымын өзгөртүп, Гүлнара-Клара Самат болгон. Анын толук өмүр баянын бул жактан окуй аласыз.

2021-жылы январь айынын башында депутат Клара Самат «Ата Мекен» фракциясынан чыгарылган. Элчи кызматына барган Клара Самат эми мандатын тапшырат. (TSh)

XS
SM
MD
LG