Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Райымбек Матраимов 2 айга камалды


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов эки айга камалды.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды. Ага ылайык Матраимов эки ай УКМКнын тергөө абагында болот.

Жактоочу Мадина Ниязова сот чечимине макул эмес экенин билдирип, беш күн ичинде жогорку инстанцияга кайрыла турганын билдирди.

Раим Матраимовдун бөгөт чарасы бүгүн, 20-февралда жабык каралды.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары 18-февралда УКМКга сурак бергенден кийин экинчи жолу кармалган. Ага кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу айып тагылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-февралда Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып, буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Матраимовго карата соттун чечими жарандык коомдун нааразылыгын жаратып, 14-февралда Бишкекте аны камакка алууну талап кылган акция өткөн.

УКМК 15-февралда Райымбек Матраимовдун чет мамлекеттерде кымбат баалуу кыймылсыз мүлкү бар экени аныкталса, тергөө иштери улантыларын маалымдаган.

АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан. (KJ/ZKo)

XS
SM
MD
LG