Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

Москва шаардык соту Навальныйды жалпы абакка жөнөтүү өкүмүн күчүндө калтырды


А.Навальный Москва сотунда. 2021-жылдын 20-февралы.
А.Навальный Москва сотунда. 2021-жылдын 20-февралы.


Москва шаардык соту 20-февралдагы чечими менен шаардын Симоновский райондук сотунун оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды 2014-жылдагы кылмыш иши боюнча берилген шарттуу жазасын өзгөртүп, чыныгы абактык жазага кесүү тууралуу өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу “Азаттыктын” Орус кызматы билдирди.


Ошол эле учурда, Москва шаардык соту жазаны өтөө мөөнөтүндө Навальныйдын 2014-жылдын 30-декабрынан 2015-жылдын 17-февралына чейин үй камагында отурган убактысын, ошондой эле Москва шаарындагы “Матросская тишина” аттуу убактылуу тергөө абагында бир ай отурганын эсепке кошкон.

Мунун натыйжасында, оппозициячыл саясатчы эми абактык тургун жайда (колонияда) Симоновский райсотунун чечиминен келип чыккан 2 жыл 8 ай эмес, болжол менен 2 жыл 5 ай кармалууга тийиш. Бул саал кыскартылган мөөнөт тууралуу маалыматты Навальныйдын адвокаты Вадим Кобзев тастытаганын кабар агенттиктери маалымдашты.

Алексей Навальный 2014-жылы алдамчылыкка айыпталып, шарттуу түрдө 3,5 жылга беш жылдык сыноо мөөнөтү менен абакка кесилген, (андан кийин мөөнөтү дагы бир жылга узартылган). 2021-жылдын февраль айында сот бул жазаны Федералдык Жаза аткаруу кызматынын сунушу боюнча чыныгы абактык жазага алмаштырды. Федералдык мекеме саясатчыны жазалоо шарттарын бузуп, жашырынып жүргөн деп эсептээрин шардана кылган.


Навальныйдын жактоочулары оппозициячыл саясатчы эч кандай жашырынган эмес, тек гана былтыркы августтагы ууландырылышынан кийин Германияда саламаттыгын чыңдап жаткан деп ырастоодо. Ал эми Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрүндө Симоновский райсоту саясатчыга документтерди жөнөткөн дарек болгон. Прокурор адвокаттын сөзүнө жооп кылып, саясатчы каттоодон өтүү үчүн өзүнө ыңгайлуу учурда эмес, ага каттоого кел деген буйрук айтылганда келиши зарыл болчу, иш жүзүндө Навальный "мыйзамдан жогору болуу укугун" жарыялаганга далаалат кылды деп айтты.

Сот отурумундагы акыркы сөзүндө саясатчы Орусияга кайтып келгенине эч өкүнбөгөнүн, күч чындыгында экендигин, ал эми Орусия “эркин гана эмес, бактылуу боло тургандыгын” айтты.

Навальный соттолгон "Ив Роше" кылмыш ишинин өзүн ал жана анын тарапкерлери саясий куугунтук деп эсептешет. 2017-жылы Адам укуктары боюнча Европа соту 2014-жылдагы сот ишинин каралышы Навальныйдын адилеттүү сот ишине камсыз болуу укугун одоно бузду деп чечим чыгарган.

Москва шаардык сотунун 20-февралдагы көчмө отуруму борбор шаардын Бабушкинский райондук сотунун имаратында өттү.

Ишембиде түштөн кийин ушул эле имаратта Навальныйга каршы экинчи сот иши – жарандык иш боюнча сот жүрүмү улантылмакчы. Саясатчыга Улуу Ата мекендик согуштун ардагерине жалаа жапкан деген доо коюлган. Навальный акыркы сөзүн айткан соң, бул жарандык ишти караган сот да өкүм чыгара тургандыгы күтүлүүдө. (TT)

XS
SM
MD
LG