Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

Президент Жапаров алгачкы чет өлкөлүк сапарын Орусия менен баштайт


Президент Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров 24-25-февралда президент катары Орусияга алгачкы жолу визит менен барат.

Президенттик аппараттын маалыматына караганда президент Жапаровдун визити Орусия менен стратегиялык өнөктөш катары ар тараптуу кызматташуу жана достук мамилени өркүндөтүүгө багытталган.

Сапар учурунда Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат. Анда мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулап, мындан ары өнүктүрүү жолдорун талкуулашат.

Бул сапары маалында Кыргызстандын президенти Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин, Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушары күтүлүүдө.

Мындан тышкары президент Жапаров ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү, Орусиядагы кыргызстандыктар жана студенттер менен жолугушмакчы.

Жапаров 2020-жылдагы 5-6-октябрь элдик толкундоолор маалында тарапкерлеринин жардамы менен абактан бошонуп, Жогорку соттун өз ишин кайра кароо тууралуу чечимин алууга жетишип, 16-октябрда өкмөт башчылыкка дайындалган. Көп өтпөй президенттин милдетин башкарууну колуна алган. Андан соң президентикке шайлоого талапкер катары катышуу үчүн бул кызматын тапшырган.

Садыр Жапаров быйыл 10-январда атаандаштык негиздеги президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен. Ал президенттик башкарууга негизделген айдыңдык (секулярдык) жумуриятты жана Орусия менен стратегиялык шериктик байланышты улантууну жактаган саясатчы катары таанымал.

Учурда эң ири кыргыз диаспорасы Орусия Федерациясында байырлайт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG