Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Кумтөр: жаңы комиссия эски чечимдерди кайра карайт


Кумтөр.
Кумтөр.

Жогорку Кеңеште Кумтөр алтын кенинин ишмердигин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.

Бул кайсы гана бийлик келбесин негизги баш ооруга айланган Кумтөр маселеси боюнча түзүлгөн биринчи комиссия эмес. Буга чейин да депутаттык жана мамлекеттик комиссиялар иштеген.

Кумтөр кенинин ишмердигин иликтөө боюнча демилгени 17-февралда парламенттеги «Республика – Ата Журт» фракциясы көтөрүп, колдоо тапты.

Сөз болуп жаткан фракциянын лидери, депутат Жыргалбек Турускулов комиссия Кумтөрдүн жаратылышты коргоо жана өндүрүштөгү коопсуздукка байланыштуу аткарып жаткан иштерин жана буга чейин кабыл алынган токтомдордун аткарылышын текшере турганын айтты.

Жаңы түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамына КСДП фракциясынан Өмүрбек Бакиров, Айнуру Алтыбаева, Рыскелди Момбеков, Саматбек Ибраев, «Республика – Ата Журттан» Үмбөталы Кыдыралиев, Абдыбек Дүйшалиев, Закир Шарапов, «Кыргызстандан» Урматбек Самаев, Замирбек Эсенаманов, «Өнүгүү Прогресстен» Ныязбек Арзыбаев, «Бир Болдон» Акылбек Жапаров, «Ата Мекенден» Каныбек Иманалиев кирди. Комиссиянын төрагасы болуп Акылбек Жапаров шайланды.

Бул комиссия Кумтөрдүн ишин иликтей турган биринчи комиссия эмес. Буга чейин да депутаттык, мамлекеттик комиссиялар түзүлүп, "Кумтөр" компаниясы менен түзүлгөн келишимдерди карап чыккан.

Акылбек Жапаров алардын акыркылары болгон 2012-жылы иштеген эки комиссиянын ишин эске салды.

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

«2012-жылы мамлекеттик комиссия түзүлүптүр. Андан мурда Садыр Нургожоевич жетектеген депутаттык комиссия түзүлгөн экен. 366 барак – 50 том чогулуптур. Мындан тышкары мамлекеттик комиссиянын чечимдери турат. Ошолор эмне үчүн аткарылбай жатканын бир карап коюшубуз керек».

18-январда комиссиянын биринчи отуруму өтүп Акылбек Жапаров төрага болуп шайланганы белгилүү болду. Ага журналисттер чакырылган жок.

Жапаров кийинчерээк комиссия рекультивация фондун Кыргызстанга алып келүү боюнча буга чейинки комиссиялар чыгарган чечимдердин аткарылышын карай турганын, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин учурунда «Centerra Gold Inc.» компаниясы менен 50-50 пайыз менен ишкана түзүү тууралуу сунушу да анализденерин билдирген.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Кумтөр боюнча 2007-жылы парламенттик жана өкмөттүк комиссия түзүлгөн. 2012-жылы да депутаттык, андан тышкары мамлекеттик комиссия түзүлүп иштеген.

2012-жылдагы депкомиссияны ошол кездеги эл өкүлү, азыркы президент Садыр Жапаров жетектеген. Ушул күнгө чейин кендин ишин канча комиссия текшергени жана алардын чечимдери менен аткарылган иштер тууралуу так маалымат жок.

«Буга чейин «16 миң гектар жер берилип кетти» деп какшасак да эч ким укпай өкмөт жерди берип жиберген. Мөңгүлөр талкаланып жатат деп комиссиянын жыйынтыгы менен айып пул салынса да алар жабылып калды. Ушул нерсенин баарын көтөрүп чыгыш үчүн комиссия түзүлүш керек. Президент комиссияга өкмөттөн да мүчөлөрдү кошуп берсе иш аягына чыгабы - ушунун баарын карашыбыз керек. Кумтөр боюнча канча жылдан бери айтылып келген сөздүн баары ачыкка чыгышы керек», - деди депутат Максат Сабиров.

Жогорку Кеңештин төрагасынын мурдагы орун басары, бир топ жылдан бери Кумтөр маселесин иликтеп келе жаткан Кубанычбек Исабеков Кыргызстанда жаңы бийлик келген сайын комиссия түзөрүн, бирок андан майнап чыкпаганын сындады.

Анын эсеби боюнча Кумтөрдүн ишин жок эле дегенде 20 комиссия иликтеди. Ал 17-февралда Жогорку Кеңеште түзүлгөн комиссиянын да ишинен жыйынтык чыгарына ишенбейт.

«Жогорку Кеңештин бул чакырылышынын шайланганына алты жыл болуп баратат. Комиссияны уктап жатып эми ойгонгондой эле түзүп коюшту. Алмазбек Атамбаевдин бийлиги тушунда ушул эле парламент Кумтөрдөн алтын казуу үчүн мөңгүлөрдү бекер эле берип салган. Эми өздөрү кылган ишти кайра өздөрү чукуйбу? Комиссия эгерде чын эле иш кылабыз десе маселени билген адистерди тартыш керек. Саясий упай топтоп, интервью берип эле ишин жыйынтыктай турган болсо болбойт. Анткени мындай комиссиялар далай жолу иштеген».

Депутат Дастан Бекешев 17-февралда түзүлгөн комиссиянын максаты так аныкталган жок деп эсептейт. Ал муну менен бийлик Кумтөр боюнча маселени парламенттин жоопкерчилигине арта салганы жатат деп кооптонууда.

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

«Садыр Нургожоевич «жоопкерчиликти алам, парламент эч нерсени чече албайт» деп аткандан кийин президент өзү эле текшерсе болмок. Президенттин аппараты бизге шылтабай өздөрү эле иштебейби. Кумтөргө барып көрүшсүн. Туура эмес иштесе кылмыш ишин козгосун. Биз азыр комиссияны түзүп коюп аягында Жогорку Кеңеш күнөөлүү болуп калат. Себеби, бизде убакыт аз. Эртең Садыр Нургожоевич «Депутаттар карабай калды, жоопкерчиликти албай жатышат» деп айтышы мүмкүн да».

Садыр Жапаров 2012-депутаттык комиссияны жетектеп турганда Кумтөрдү улутташтыруу керек деп айтып келген жана бул сөзүн кийин да бир нече жыл бою кайталаган. Былтыр премьер-министрлик кызматка дайындалып жатканда кенди улутташтырууга кеч болуп калганын айтып, аны Кумтөрдө алтын дээрлик түгөнүп калганы калганы менен түшүндүргөн. Жапаров Кумтөр мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштей турганын билдирген. Анын бул сөзү коомчулукта чоң талкуу жараткан.

Саясатчы Бектур Асанов Жогорку Кеңеште түзүлгөн комиссияны бийликтин жоопкерчиликтен качуу аракети катары баалады.

«Президент Кумтөр боюнча мурдагы сөзүнөн кайтып, жаңы бийлик эч нерсе кылбай отуруп калды. Бул комиссия эми иш жүрүп жатат дегендей көрсөтүш үчүн президент жана анын аппараты тарабынан түзүлдү. Бул парламент легитимсиз болгондуктан алардан жыйынтык күткөнгө болбойт. Болгону элди алаксытуу үчүн комиссия түзүштү. Алардын иши жүрүшпөгөнү сөзсүз жаңы бийликке кедергисин тийгизет. Президент өзүнө жана аппаратына караштуу мамлекеттик же өкмөттүк комиссия түзсө да болот эле».

Кыргызстандын Тоо кенчилер бирикмесинин төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Камчыбеков комиссия түзүлүп, буга чейин кабыл алынган токтомдор менен чечимдерди бир сыйра карап чыкса ашыкча болбойт деген пикирде.

«Кумтөрдөгү иштер, экология маселеси кандай болуп жатат? Мөңгүлөр эмне болду? Мына ушуларды караса жакшы эле болот. Ушул иштер боюнча өкмөткө, «Кыргызалтынга» берилген тапшырмалар кандай аткарылганын текшериш керек. Рекультивация фонду Кыргызстанга алынып келиши керек эле. Ал эмне болгонун иликтөө зарыл».

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет. Компаниядагы Кыргызстандын азыркы үлүшү 26% түзөт.

«Кумтөр» ишканасы өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 10% жакынын, өнөр жай өндүрүшүнүн 20% түзөт. Кенде жылына 16-17 тонна алтын казылат. Кумтөрдүн айланасында 1990-жылдардан бери эле такай жаңжал орун алып, аны иликтөө максатында бир нече парламенттик жана өкмөттүк комиссия түзүлгөн.

Бишкек «Центерранын» акцияларынын дээрлик үчтөн бирин кармап отурганы менен 2016-жылдан бери алгачкы жолу былтыр 2,2 млн. доллар дивиденд алган.

XS
SM
MD
LG