Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Орусияда коронавируска каршы үчүнчү вакцина катталды


Орусиялык тургун "Спутник V" ("Gam-COVID-Vac") вакцинасы менен эмделүүдө. ГУМ, Москва шаары. 2021-жылдын 18-январы.
Орусиялык тургун "Спутник V" ("Gam-COVID-Vac") вакцинасы менен эмделүүдө. ГУМ, Москва шаары. 2021-жылдын 18-январы.

Орусияда жергиликтүү дары-дармек өндүрүүчүлөрү коронавируска каршы чыгарган үчүнчү вакцина катталды. Ал – Орусия Илимдер академиясынын М.П.Чумаков атындагы Федералдык изилдөө жана иштеп чыгуу илимий борбору даярдаган “КовиВак” вакцинасы.

Ал вакцина “өлтүрүлгөн” вируска негизделген жана анын натыйжалуулугу тууралуу маалымат азырынча ачыкталган жок.

"КовиВак" дары заты кишинин денесине коронавирустун «өлтүрүлгөн» түрүнүн анча-мынча бөлүкчөсүн киргизип, дененин иммунитеттик каршылыгын туудурат. Бул – вакцина өндүрүүнүн классикалык ыкмасына жатат жана ушул ыкма Кытай менен Индияда да колдонула баштаган.

Эми бул вакцинаны өндүрүү үчүн өтө жогорку деңгээлдеги биологиялык коргоо системасы камсыздалган лаборатория талап кылынат. Мындай лабораториясыз жаңы вакцинаны ири көлөмдөгү өнүм берчү өндүрүшкө салууга болбойт.

Москва шаарынын алкагындагы Московский кыштагында жайгашкан Чумаков борборундагылар март айынын ортосуна карата жаңы вакцинаны аптасына 400 миңдей кылып өндүрүп чыгара алабыз деп үмүттөнүшүүдө. Ал эми Орусиянын вице-премьери Татьяна Голикова "КовиВак" вакцинасын март айынын соңунан тартып өлкөдө эмдөөдө колдоно баштай тургандыктарын айтканын "Интерфакс" агенттиги маалымдады.

Башка ыкма менен өндүрүлгөндөргө салыштырмалуу "КовиВак" сыяктуу вакциналардын колдонулушунун натыйжалуулугу кыйла төмөн деп айтылат. Маселен, кытайлык “КоронаВак” Бразилияда 50,4 пайыз гана натыйжалуу экендигин көрсөттү. Кытайлык “Веро” вакцинасынын натыйжалуулугу 79 пайызга жетерин анын өндүрүүчүлөрү айтууда.

Орусияда “КовиВак” вакцинасынан мурда Москва шаарында жайгашкан Николай Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология боюнча улуттук илим изилдөө борбору чыгарган "Спутник V" вакециансы жана Новосибирск облусундагы Кольцово илимий шаарчасында жайгашкан “Вектор” борбору чыгарган "ЭпиВакКорона" (EpiVacCorona) вакцинасы расмий жактырылган.

Жапырт өндүрүшкө "Спутник V" вакцинасы гана түшүрүлгөн. Анын натыйжалуулугу 91,6 пайызды көрсөтөт деп аны өндүрүүчүлөр ишендирет. Бул вакцина дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө (Европада, маселен, Венгрия менен Сербияда) эмдөөдө колдонулуп жатат. (TT)

XS
SM
MD
LG