Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:11

Чехия “Sputnik V” вакцинасын жактыруу боюнча венгр тажрыйбасына кызыгууда


Венгр өкмөт башчысы Виктор Орбан чех кесиптеши Андрей Бабиш менен кол кысышууда. Будапешт. 2021-жылдын 5-февралы.
Венгр өкмөт башчысы Виктор Орбан чех кесиптеши Андрей Бабиш менен кол кысышууда. Будапешт. 2021-жылдын 5-февралы.


Чехиянын өкмөт башчысы Андрей Бабиш орусиялык “Sputnik V” вакцинасын сатып алуу үчүн Венгрия жасап жаткан кадамдарды иликтей башташканын маалымдады. Бул тууралуу ал 5-февралда Будапештке жасаган иш сапары маалында айтты.

Венгрия бийлиги Евробиримдиктин жалпы уруксатын күтүп отурбастан, орусиялык “Sputnik V” вакцинасын колдонууга өз дарыгерерине уруксат кылган болчу.

“Эң мыкты вакцина – бул жарандардын саламаттыгы үчүн коопсуз вакцина... Вакцина тууралуу сөз козголгондо, саясат эмес, жарандарыбыздын коопсуздугу жөнүндө сөз жүрөт”, – деди Бабиш мырза.

6-февралда таңга маал Чехияга Оксфорд университети менен AstraZeneca компаниясы биргелешип даярдаган вакцинанын алгачкы топтому жеткирилди. Бул “Oxford/ AstraZeneca” вакцинасын Европа комиссиясы өткөн аптада Евробиримдикте колдонууга расмий уруксат берген болчу.

Ал эми келээрки аптада Венгрия Орусияда өндүрүлгөн “Sputnik V” вакцинасын коронавируска каршы эмдөөдө колдоно башташы ыктымалдан алыс эмес. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан билдирди.

Орбандын 5-февралда айтканына караганда, Венгрия вируска каршы орусиялык дарыны чукул кырдаалда колдонуу үчүн бекиткенден кийин өлкөнүн саламаттыкты сактоо органдары вакцинаны колдонуу камылгаларынын алкагындагы акыркы сыноолорду жүргүзүп жатат. Ошентип, Венгрия Европа Биримдигинин мүчө өлкөлөрүнүн ичинен орусиялык “Sputnik V” вакцинасы менен эмдөө жүргүзгөн биринчи өлкө болуп калмакчы.

Европа Биримдигинин мүчө өлкөлөрү ушул кезге чейин дээрлик толугу менен Pfizer-BioNTech вакцинасына таянып келишкен. Ал эми “Oxford/ AstraZeneca” вакцинасы Евробиримдикте жактырылганына аз эле убакыт өттү.

Евробиримдик өлкөлөрүндө Батышта жасалган вакциналарды тегиз жана тез арада жеткирүү татаал болуп турганда, “Sputnik V” вакцинасына кызыгуу улам артып келет.

Европа Биримдигинин башкы дипломаты Жозеп Боррел Евробиримдик Орусияда жасалган вакцина үчүн багыттоочу уруксат берет ко деген үмүтүн билдирди.

5-февралда Москвага болгон иш сапарынын учурунда Боррел мырза Европалык дары-дармек агенттиги (ЕМА) бул дарыны Евробиримдиктин аймагында колдонууга уруксат берет ко деп үмүттөнүп жатканын айтты.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен болгон маалымат жыйынында Боррел мырза: "Белгилүү болгондой, биз вакциналардын таңкыстыгына кириптер болуп жатабыз", – деп айтып, эмдөө үчүн дагы бир жаңы булакты кабыл алуу Евробиримдик үчүн дурус боло турганын баса белгиледи. (TT)

XS
SM
MD
LG