Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:51

«Lancet» орусиялык «Спутник V» вакцинасын изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Британиялык абройлуу «Lancet» илимий журналы орусиялык «Спутник V» вакцинасын изилдөөнүн үчүнчү баскычынын баштапкы жыйынтыгын жарыялады. Макалада препарат коронавирустан 91,6% коргой алары айтылат. Эмдөө 21 күн аралыгында эки этапта жүргөн. Изилдөөгө 19 866 ыктыярчы катышкан. Анын жүрүшүндө төрт катышуучу каза болгон. Үчөөнө вакцина сайылган, төртүнчүсү плацебо тобунда болчу. Бирок адистер алардын өлүмүн «Спутник V» менен байланыштырышпайт. 45 киши дарынын кесепетине даттанышкан. Бул 0,3% түзөт.

Вакцина сыноонун толук жыйынтыгы жарыялана электе катталган. Бул жараян саясий билдирүүлөр менен коштолгондуктан бир топ эксперттер менен илимий чөйрөнүн өкүлдөрү натыйжалуулугунан күмөн санап келишкен.

Орусияда жапырт эмдөө жарыяланганы менен айрым аймактарда препарат тартыш экенин айтып арызданып жатышат. Андан тышкары орусиялык вакцина Аргентинада сайылып жатат.

XS
SM
MD
LG