Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:48

Боррелл: Навальныйдын маселеси Москва менен мамилени начарлатты


Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный ууландырылгандан кийин Евробиримдик менен Орусиянын ортосундагы мамиле бузулду.

Бул тууралуу Москвага сапар менен келген Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррел сүйлөшүүлөргө чейин басма сөз жыйынында билдирди.

“Биздин алакалар чынында чыңалган абалда, Навальныйдын айланасындагы кырдаал ого бетер курчутту”, - деди Боррелл.

Маалымат жыйынга катышкан Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Евробиримдик менен Орусиянын мамилесинин начарлашы эч кимге пайда алып келбей турганын жана Москва бардык маселелерди талкуулоого даярдыгын билдирди.

Боррелл 2017-жылдан бери биринчи жолу Орусияга келген Евробиримдиктин жогорку даражалуу өкүлү болуп калды.

Анын сапары Алексей Навальный эркинен ажыратылып, нааразылык акциялары учурунда миңдеген адамдардын кармалышынан улам Батыш өлкөлөрү Москваны кескин сындап жаткан учурга туш келди.

Орус президенти Владимир Путинди жана анын айланасын коррупцияга, мыйзамсыз баюуга, уурулукка айыптап, муну ондогон иликтөөлөрү менен ашкерелеген Алексей Навальный 17-январдан бери камакта отурат.

Саясатчы былтыр августта «Новичок» тобундагы химиялык зат менен ууландырылышына Федералдык коопсуздук кызматын күнөөлөп, тыңчылар Путиндин буйругун аткарышкан деп эсептейт.

Мындан соң бир катар Батыш өлкөлөрү орус бийлигине кайрылып, Навальныйды бошотууга чакырды. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Батыш бул маселеде ашыкча кеткенин билдирген.

XS
SM
MD
LG