Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

Байден АКШнын тышкы саясатында жаңы доор башталганын жарыялады


Жо Байден.
Жо Байден.

Жо Байден Кошмо Штаттардын тышкы саясатындагы жаңы доорду убада кылып, «Америка дүйнөлүк аренага кайтканын» билдирди. Бул тууралуу ал Мамлекеттик департаментте жасаган билдирүүсүндө айтып чыкты.

Байден өнөктөштөр менен кызматташууну жандантып, Кытай менен Орусиянын авторитаризмине каршы турууга сөз берди.

4-февралда жасаган тышкы саясат тууралуу алгачкы билдирүүсүндө Байден анын администрациясы кайрадан дүйнө лидерилигине умтуларына басым жасады.

Жо Байден мурдагы президент Дональд Трамптын «Америка баарынан мурда» деген саясаты боюнча үзгүлтүккө учураган өнөктөштөр менен кызматташууну жандантууну көздөрүн кошумчалады.

Ошондой эле АКШ президенти орус бийлигине кайрылып, оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды бошотууга чакырды. Ал жакында орус президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн эске салып, АКШ Орусиянын “агрессивдүү аракеттерине”, америкалык шайлоого кийлигишүүсүнө, киберчабуулдарына жана жарандардын ууландырылышына каршылык көрсөтпөгөн күндөр артта калганын эскерткенин шардана кылды.

«Биз пикирлештер менен бир коалициянын ичинде чогуу кызматташканда гана Орусия менен мамилебизде жылыш болот. Алексей Навальныйдын саясий мүдөө менен камалышы, эркин пикир билдирүүнү жана топтолууну басмырлоо биздин жана эл аралык коомчулуктун терең тынчсыздануусун жаратат. Навальный башка орус жарандарындай эле Конституцияда жазылган укуктарга ээ. Ал жемкорлуктун бетин ачканы үчүн жазаланды. Ал токтоосуз бошотулушу керек»,-деди Байден.

Москва соту ушул аптада Навальныйды үч жылга кести. Анын камалышына каршылык билдирип чыккан он миңден ашуун орусиялык камакка алынды.

XS
SM
MD
LG