Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

COVID-19: Кыргызстанда алгач дарыгерлер жана мугалимдер эмделет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнүн алгачкы этабында дарыгерлер жана мугалимдер камтылат. Бул тууралуу 3-февралда парламентте маалымат берип жатып саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев билдирди:

“Биринчи этапта медиктер жана мугалимдер, андан кийин экинчи этапта кооптуу катмардагыларды вакцина алышат”.

Бейшеналиевдин айтымында, Кыргызстан AstraZeneca деген вакцинаны тандап алды. Март айынын башында 504 миң доза келери пландалууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, коронавируска каршы бекер эмдөө үч этап менен жүрөт. Дарыгерлер, мугалимдер жана тейлөө тармагында иштеген кызматкерлер алгандан кийин 60 жаштан улуу курактагылар, өнөкөт оорусу барлар жана социалдык жактан аз камсыз болгондор эмделип, үчүнчү этапта калган каалоочулар вакцинация болот.

Глобалдык COVAX альянсынын алкагында коронавируска каршы күрөш үчүн «Pfizer/BioNTech» вакцинасы Кыргызстанга акысыз сунушталган. Бирок кыргыз өкмөтү аны -70 градус температурада cактай турган муздаткыч жок экенин билдирген.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы 2020-жылдын март айында башталган. Бул илдет дээрлик 85 миң адамга жукту, алардын 1,5 миңдейи каза болду.

AstraZeneca plc - Британияда жайгашкан фармацевтикалык биргелешкен компания. (RK)

XS
SM
MD
LG