Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Коронавируска чалдыккандар дүйнөдө 100 миллиондон ашты


Коронавируска чалдыккан бейтапты көтөрүп бараткан медкызматкерлер. Лондон. 26-январь, 2021-жыл.
Коронавируска чалдыккан бейтапты көтөрүп бараткан медкызматкерлер. Лондон. 26-январь, 2021-жыл.

Дүйнөдө 26-январда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 100 миллиондон ашты. Бул Жер шарындагы калктын 1,3% түзөт. Серепчилер чыныгы сандар мындан да көп болушу мүмкүн экенин боолголошот. Жон Хопкинс университетинин маалыматына караганда бир эле АКШда вирус 25 миллион адамдан табылып, 425 миңи көз жумду. Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Вашингтон кошумча 200 миллион доза вакцина сатып аларын билдирди. Муну менен күзгө чейин ар бир америкалыкты эмдөөдөн өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк.

Британияда коронавирустан каза болгондордун саны 26-январда 100 миңден ашып, Европадагы өлүм эң көп катталган мамлекет болуп калды. Европадагы башка мамлекеттер коронавирустун жаңы түрүнүн жайылышын ооздуктоо максатында чек арадан өтүү эрежелерин катаалдатышууда.

Германия чет жактан келген бардык авиакаттамдарды токтотууну көздөп жатат.

XS
SM
MD
LG