Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:49

Окумуштуу Асел Сартбаева ЮНИСЕФтин вакцина боюнча элчиси болду


Асел Сартбаева.
Асел Сартбаева.

Британияда эмгектенген кыргызстандык окумуштуу Асел Сартбаева Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдарды коргоо фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө "Илимдеги кыздар" программасынын алкагында эмдөө жана вакцина боюнча ыктыярдуу элчи болуп дайындалды. Жаңы кызматы тууралуу ал 11-февралда "Твиттердеги" баракчасында жазды:

"Мындан ары Кыргызстандагы кыздардын илимдеги ордун жогорулатуу максатында ЮНИСЕФтин "Илимдеги кыздар" программасына вакцина, эмдөө боюнча ыктыярдуу элчи боломун. Кийинки муунду илим жана технологияга үгүттөп, алардын потенциалын ачууга болгон күч-аракетимди жумшайм".

Химия илимдеринин профессору Асел Сартбаева Англиядагы Бат университетиндеги вакцинаны коопсуз жана сапатын жоготпой ташуу боюнча илимий ачылыштын автору.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү да Сартбаева тууралуу маалыматты тастыктаган билдирүү таратты.

ЮНИСЕФтин "Илимдеги кыздар" аттуу программасын "Роза Отунбаеванын демилгелери" фонду, Борбор Азиядагы Америка университети жана "Балдарды коргоо борбору" коомдук фонду ишке ашырууда.

Анын алкагында мектеп жашындагы кыздарды так илимдерге окутуу иш-чаралары жүрүп жатат. (BCh)

XS
SM
MD
LG