Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28

Коронавирустан дагы эки адам каза болду, 70 бейтап жаңы катталды


Бишкек. Коронавируска каршы эскертүүлөр.
Бишкек. Коронавируска каршы эскертүүлөр.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 12-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан эки адам каза тапты. 70 кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган былтыркы март айынан бери илдеттин курмандыктары 1438 кишиге жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алып, диагнозу расмий такталгандар 85 398 адамга жетти. 82 098 адам оорудан айыкты.

Вирус менен ооруканада азыркы тапта 430 бейтап дарыланууда, алардын ичинен 123үнүн абалы оор, 24ү өтө оор абалда. Амбулатордук негизде 469 бейтап дарыланып жатат. (BCh)

XS
SM
MD
LG