Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:12

2020-жылы мигранттар Кыргызстанга которгон акча азайды


АКШнын улуттук валютасы - доллар жана Кыргызстандын улуттук валютасы - сом. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШнын улуттук валютасы - доллар жана Кыргызстандын улуттук валютасы - сом. Иллюстрациялык сүрөт.

Чет элде иштеген мигранттар 2020-жылы Кыргызстанга жалпы 2 млрд. 377 млн. доллар жөнөттү. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.

Анда белгиленгендей, бул сумма 2019-жылы которулган каражаттарга салыштырмалуу 29 млн. долларга аздык кылат.

Акчанын дээрлик көпчүлүк бөлүгү Орусиядан келген. Андан кийин АКШдан жана башка өлкөлөрдөн жөнөтүлгөн.

Кыргызстанга сырттан которулган акчанын көлөмү 2017-жылы 2 млрд. 482 млн. долларды, 2018-жылы 2 млрд. 685 млн. долларды жана 2019-жылы 2 млрд. 406 млн. долларды түзгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG