Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:03

Ошто окуучуну бычактап өлтүрүүгө шек саналган өспүрүм кармалды


Окуучуну бычактап өлтүрүүгө шек саналган 17 жаштагы өспүрүм. Милиция тараткан сүрөт.
Окуучуну бычактап өлтүрүүгө шек саналган 17 жаштагы өспүрүм. Милиция тараткан сүрөт.

Ош шаарында окуучуну бычактап өлтүрүүгө шек саналган 17 жаштагы (К. уулу А.) өспүрүм жана окуя болгон учурда анын жанында болгон эки шериги кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматында, шектүү кармалган учурда жанында кастет (урууга ыңгайлашкан темир буюм) болгон. Ал жасаган күнөөсүн моюнуна алып, сурак берүүдө.

Шектүү бул оор кылмышка жабыр тарткан балдар менен айтыша кеткени үчүн барганын айткан. Каршылашын жанында салып жүргөн бүктөмө бычагы менен сайып жиберген.

Кылмышка шектүү өспүрүм Ош облусунун Алай районунда туулган, соңку мезгилде Бишкекте жашап жүргөн.

Кечээ, 11-февралда түш чендерде экинчи борбор калаадагы өспүрүмдөрдүн мушташында Оштогу Нариман мектебинин 9-классынын окуучусу бычактан оор жараат алган. Ал ооруканага жеткирилип, операция жасалгыча кансырап каза тапкан. Анын жанында жүргөн Юридикалык коллеждин студенти да жабыр тартып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG