Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:44

АКШ Сенатындагы Трампка каршы импичмент соту демократтардын жүйөлөрүн укту


АКШ Сенатындагы Трампка каршы импичмент сотунда. 2021-жылдын 9-февралы.

АКШ Конгрессиндеги демократтар 11-февралда, мурдагы президент Доналд Трампка карата экинчи импичмент сотунун бейшемби күнкү жүрүмүндө, ага каршы өз доолорунун материалдары менен тааныштырууну улантышты.

Алар быйыл 6-январдагы тополоңго чейинки Трамптын Ак үйдүн жанына келген өз тарапташтарынын алдындагы сөзү да камтылган видео тасмалардын жаңы бөлүктөрүн да ачыкташты.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр үйүнүн демократтар тобу, импичмент жөнүндөгү мыйзамга ылайык, бул сот жүрүмүндө прокурорлор катары чыгып сүйлөөдө.

Алар Трамптын «Твиттердеги» барагындагы тексттерине, ошондой эле Капитолийге кол салууга айыпталып жаткандарга каршы соттук документтерге жана видеотасмаларга таянып, Трамп өз тарапташтарын Капитолийдин имаратына кол салууга үндөгөн деген айыптоону тастыктоо аракетин улантышты.

"Алар бүткүл кол салуу иш-чарасы президенттин буйругуна ылайык болгон деп чындап ишенишкен. Президент аларга ошол жерде болгула деп айткан да", – деди Өкүлдөр үйүнүн конгрессмени, Колорадо штатынан шайланган демократ Дайана Дегетт айым.


Трамптын адвокаттары экс-президентти коргоо аракетине жума күндөн – 12-февралдан баштап киришмекчи.

Алардын негизги жүйөлөрүнүн бири – бул президент кызматтан кеткенден кийин импичменттик сотто аны айыптуу деп табуунун өзү Конституцияга каршы келет. Бирок Баш мыйзам жаатында адистешкен көптөгөн укукчу окумуштуулар мындай айыптоо мыйзамга кайчы келбестигин билдиришүүдө.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр үйү Трамп кызматта турган кезинде эле ага импичмент жарыялаган. Эми АКШ Сенатында жүрүп жаткан сот жүрүмү аны кызматтан кетирүү же кетирбөө жөнүндө биротоло чечим кабыл алмакчы. Аны кызматтан кетирүү үчүн сенаторлордун кеминде үчтөн экиси (жалпы 100 сенатордун 67си) бул сунушту жактап добуш бериши керек. (TT)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG