Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:05

Трамп импичменттен бул жолу кутулабы?


Вашингтон, 8-февраль, 2021-жыл
Вашингтон, 8-февраль, 2021-жыл

Кошмо Штаттардын Сенаты мурдагы президент Дональд Трампка экинчи импичмент жарыялоо маселесин кароого киришкени жатат. Экс-мамлекет башчы акталышы мүмкүн, бирок Өкүлдөр палатасы тарабынан эки жолу импичмент жараянына туш болгон президент катары тарыхка кирип калды.

Биринчи жолу Трампка кызматынан кыянат пайдалануу жана Конгресстин иликтөөсүнө тоскоолдук кылуу аракети үчүн айып тагылган. Бул ирет ага Капитолий чабуулуна байланыштуу “козголоңго тукуруу” дооматы артылып жатат.

Сенат соттун ролун аткарат

Бир айдай мурун ал кезде кызмат мөөнөтү аягына чыга элек Трампка импичмент жарыялоону Өкүлдөр палатасы колдогон. Демократтарга ошондо бир нече республикачыл мыйзам чыгаруучу да кошулган.

6-январда Трамп Вашингтондо тарапташтары алдында сүйлөгөндө «шайлоодогу жеңишти уурдоого жол бербейли» деген чакырык таштаган. Көп узабай ошол демонстранттардын айрымдары Конгресс Жо Байден уткан президенттик шайлоонун жыйынтыгын бышыктап жатканда Капитолийге бет алышкан. Алар имаратка кирип барып тополоң чыгарышканда беш киши өлгөн.

Импичмент жарыялоо маселесинде чекит коюу эми Конгресстин Жогорку палатасы – Сенатка жүктөлөт. Ошентип, 100 мыйзам чыгаруучу бул жараянда судьялардын ролун аткарат. Сенаттын лидерлери макулдашышкандай, сот жараяны 9-февралда Вашингтон убактысы боюнча саат 13:00дө башталат. Адегенде жараян Конституцияга канчалык төп келет деген маселе каралмакчы.

Экс-президентке айыпты Өкүлдөр палатасынын төрайымы Нэнси Пелоси тандаган Конгресстин 9 демократ мүчөсү тагат. Демократтар Трампка кайсы беренелер боюнча доо артылып жатканы камтылган документти январдын аягында Сенатка тапшырышкан. Андан киийин экс-президенттин адвокаттарына процесске даярданууга убакыт берилген.

Трамптын адвокаттарынын жообу

8-февралда, импичмент Сенатта каралары алдында Трамптын юристтер командасы коргоо тактикасын аныктаганын, мурдагы президентти соттоо Конституцияга каршы келерин, Капитолийге чабуул коюуда ал эч кандай роль ойнобогонун билдирди.

Адвокаттар Трамп "Капитолийге жөнөгүлө, аягына чейин тургула” деп түз мааниде эмес, “кыйыр түрдө” айткан, демократтар анын сөзүн контексттен үзүп алган дешет.

"Анын сөзүндө көтөрүлүшкө, башаламандыкка, кылмыш иш-аракеттерине жана зомбулукка байланышкан эч кандай сөз же шыкактоо болгон эмес" - деп жазышты Трамптын адвокаттары. Алар ошондой эле Баш мыйзамдын сөз эркиндиги тууралуу беренесин жүйө келтиришерин билдиришти жана демократтарды “саясий театр” уюштургандыгы үчүн айыпташты.

Процедура учурунда тараптарга өз позициясы менен тааныштырып, жүйөлөрүн келтирүү үчүн 4 сааттан сөз берилет. Жарыш сөздөн кийин Сенат кызматтагы мөөнөтү аяктаган президентке импичмент жарыялоого канчалык укуктуу деген маселе колго салынмакчы. Сунуштун өтүшү үчүн 51 сенатордун добушу жетиштүү болот. Андай болсо, жараян шаршембиде уланып, айыптоочулар менен коргонуу тарапка аргументтерин бекемдөө үчүн 16 саат берилет. Сот бери дегенде бир жумага созулат деп күтүлүүдө. Анын жүрүшүндө сенаторлор суроо бере алышат.

Импичментке добуш жетпей калышы мүмкүн

ABC News/Ipsos жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, америкалыктардын көбү, же 56 пайызы Трампка импичмент жарыялоону, анын мамлекеттик кызматты ээлөөсүн алдын алууну колдошот.

Бирок экс-президентке айып тагуу үчүн Конгресстин Жогорку палатасындагы 50 демократка дагы бери дегенде 17 республикачыл кошулуп, сунушту колдоого тийиш. Байкоочулар мындай сценарийдин ыктымалдыгы төмөн деп баалашат.

Трамптын Капитолий чабуулуна байланышкан окуядагы аракеттерин республикачыл сенаторлордун көбү айыптаганы менен партиялашына импичмент жарыялоого бир уучу гана даяр.

Экс-мамлекет башчы акталышы мүмкүн, бирок Өкүлдөр палатасы тарабынан эки жолу импичмент жараянына туш болгон президент катары тарыхка кирип калды. Биринчи жолу Трампка кызматынан кыянат пайдалануу жана Конгресстин иликтөөсүннө жолтоо кылуу аракети үчүн айып тагылган. Ал ирет Сенат президентке импичмент жарыялоону туура көргөн эмес.

XS
SM
MD
LG