Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 02:56

Жапаров тышкы карыздын кесепетин эскертти


Садыр Жапаровдун инаугурациясы маалында тартылган сүрөт, 28-январь, 2021-жыл

Президенттик аппарат мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тышкы карыздын коркунучу тууралуу сөзүнө түшүндүрмө берип, анын төркүнүн мурдагы келишимдерге такады.

Жапаров аз күн мурда «Кыргызстан карызды убагында төлөй албай калса, айрым объектилерди алдырып жиберерин» билдирген. Мында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин да аты аталууда.

Президенттин жана анын аппаратынын жүйөсү

Тышкы карызга байланыштуу түшүндүрмөнү президенттик аппараттын атынан мамлекет башчынын басма сөз катчысы Галина Байтерек таратты. Ал президент Садыр Жапаровдун бул жөнүндөгү кебин дагы бир жолу ырастап, маселенин түпкүрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда кол коюлган келишимдерде экенин ортого салды.

Галина Байтерек.
Галина Байтерек.

«Алмазбек Атамбаевдин президенттик учурунда Кытай жана башка мамлекеттер менен насыялык көп келишимдерге кол коюлган. Эгер эки тараптуу кабыл алынган ошол келишимдердин айрымдарын аткарбай койсок, карыздарды төлөбөсөк, анда объекттер насыя берген тарапка өтүп кетиши мүмкүн. Бул өтө чоң объекттер. Президент Садыр Жапаров кыйынчылыктарга карабай, каражаттар табыларына жана насыялар өз убагында төлөнөрүнө ишендирип жатат»,-деди Галина Байтерек «Азаттыкка» берген билдирмесинде.

Президент Садыр Жапаров карыз коркунучу тууралуу билдирүүсүн 13-февралда өкмөттүк «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде жарыя кылган.

Жапаров анда өзүнүн мурдагы адвокаты Акин Токталиевди Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетекчиси кызматынан алганын комментарийлеп, кадр маселесинин арты көп кесепеттерге алып келип жатканына токтолгон. Ушул эле маек президенттин сайтына да жайгаштырылган.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«Мамлекеттик кызматта менин адвокатым, досум, тууганым деген принцип болбош керек. Ошондой принцип менен 30 жылдан бери жашап келип, мамлекетибиз жок болуп кетүү коркунучуна такалыптыр. Сырткы карызыбыз 5 миллиард долларга жакын. Айрымдарын өз убагында төлөй албай калсак бир топ объектилерибизден айрылабыз. Келишим шартына ушундайга макулбуз деп кол коюп койгон экен Атамбаев. Бирок Кудай буюрса, бардык карыздардан өз убагында кутулабыз. Пландар бар»,-деген анда президент.

Карыздар, объекттер жана келишимдер

Азырынча Садыр Жапаров да, анын басма сөз катчысы да кайсы өлкөдөн алынган карыздар, кайсы келишимдер жана кайсы объекттер жөнүндө сөз болуп жатканын тактаган жок. Бирок буга байланыштуу билдирүүлөр жана пикирлер саясий чөйрөдө мурдатан айтылып келчү.

Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров коңшу өлкөдөн алынган насыялардын ыктымал кесепети тууралуу бир нече жолу айтып чыккан. Мунун көбүндө анын сөзү башкача кабылданып, эл өкүлү өзү тепкиде калып кетчү.

Акылбек Жапаров соңку маалыматтык себептен кийин «Азаттыкка» дагы бир жолу оюн бөлүштү:

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

«Бул жерде насыянын эсебинен курулган Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) толугу менен күрөөгө коюлган. Бул ушул боюнча ратификация болгон макулдашуулардын пункттарында турат. Биз анда ушул насыянын эсебинен курулуп, иштеп жаткан объектилер боюнча «экстерриториалдуулук» (экстерриториальность) деген түшүнүктөн баш тартканбыз. Эгерде карызды төлөй албай калсак, бир мүнөткө, бир секундага кечиксек, мына ушул объектилер аларга өтүп кетиши мүмкүн деген мыйзамдарга кол коюп койгонбуз. Ал дагы кайсы объектилер? Ошол эле ЖЭБге биз 380 млн. доллар алганбыз, кайра 492 млн. доллар беребиз. Азыр төлөп жатабыз, бирок тарифтерди көтөрө албайбыз, демек бюджетке күч келет. Кийинкиси «Датка-Кемин». Аны да алып атканыбызда энергетиктер 25 млн. долларды өзүнчө эсепке коюп коюп, ошо менен төлөйбүз дешкен. Бирок аны жасабай коюшкан, ал да бюджеттин мойнунда турат. Анан «Түштүк-Түндүк» альтернативалык жол. Экономиканын өзөгү түзгөн мына ушул үч инфраструктуралык объект боюнча карыздарды убагында төлөбөсөк, аларды башкаруу, тарифти орнотуу - бүт баары Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкы (Эксимбанк) айткан компанияга өтөт. Анда Кыргызстан бул объектилерди башкара албай калат. Мына ушунун баарын башында ойлонгон эмеспиз»,-деди ал.

Акылбек Жапаров ушул эле объектилерге байланыштуу соттошуулардын баары Кытайда, Гонконгдогу сотто, кытай тилинде, кытай мыйзамдарына ылайык гана жүрөрүн белгилейт. Ал мындай тартиптеги соттошууларда расмий Бээжинди дүйнөдө бир да өлкө утуп албаганын кошумчалайт.

Маалым болгондой, Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү жогорку чыңалуудагы электр зымдарын туташтырган «Датка-Кемин» линиясы 2011-жылы башталып, 2015-жылдын август айында ишке берилген.

«Датка-Кемин» линиясын ишке ашырыш үчүн Кытайдын Эксимбанкынан 389 миллион доллар насыя алынган. Андан мурун «Датка» көмөк чордонун курууга 204 миллион доллар насыя алынган.

ЖЭБди оңдоого болсо Кытай Бишкекке, жогоруда айтылгандай 386 млн. доллар карыз берген. Бул боюнча келишим 2013-жылы түзүлүп, модернизация өзү 2017-жылы бүткөн.

«Түштүк-Түндүк» альтернативалуу жолун куруу долбооруна 850 миллион долларга келишим түзүлгөн. Анын курулушу 2014-жылы башталган, иш 2022-жылы бүтөрү айтылган.

Бул Кытайдан алынган насыялардын эң ирилери гана жана алар негизинен Кыргызстанды Алмазбек Атамбаев башкарган учурга туш келет. Атамбаев бул долбоорлорду президенттик жылдарындагы эң ири жетишкендиктер катары баалап келген.

Бирок ар кайсы жагдайлардан улам ЖЭБ, «Датка-Кемин» жана «Түштүк-Түндүк» альтернативалуу жолуна байланыштуу да кылмыш иштери козголгон. Кылмыш иштеринде жана соттук отурумдарда анда түзүлгөн келишимдерге байланыштуу көп кинелер айтылып келет.

ЖЭБ боюнча Алмазбек Атамбаевге айып тагылган, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев баштаган бир нече аткаминер соттолгон. Атамбаев өзү башка иш боюнча камалган.

Атамбаевдин адвокаттары жана анын тарапташтары буга байланыштуу анын күнөөсүн төгүндөп келишет. Жогорку Кеңештин депутаты Мурадыл Мадеминов бул жөнүндө мындай деди:

Мурадыл Мадеминов.
Мурадыл Мадеминов.

«Биринчиден, мен так ушул үч объект боюнча макулдашууларды окуган эмесмин. Аларга ошол учурлардагы премьер-министрлер кол койгон, ошол учурлардагы парламент ратификациялаган. Адатта кайсы гана макулдашуу болбосун «аны аткарбай калган учурларда эмне чара болот?» деген пункттар киргизилет да. Башка өлкөлөрдөн алабы, эл аралык институттардан алабы, насыялар боюнча бардык келишимдерде ушундай маанидеги талаптар бар. Силер айтып жаткандар да мына ошондой пункттар болуш керек. Экинчиден, башка жагы, ошол эле ЖЭБ, «Датка-Кемин» жана «Түштүк-Түндүк» альтернативалуу жолу бул Кыргызстан үчүн аба-суудай керек долбоорлор болгон. Маселен, мурда электрди ары-бери жеткириш үчүн Өзбекстанга жылына 15 млн. доллардай төлөчүбүз. Азыр «Датка-Кемин» линиясы менен жеткирип жатабыз, ошол акча өзүбүздө калууда. Ошол эле жол ишке кирсе бул канча туристти бизге тартууга, канча жумуш ордун камсыз кылууга, канча деген экономикалык эффект жаратууга жардам берет. А ЖЭБ оңдолгону үчүн Бишкекте техногендик катастрофа болбой, сакталып турат. 2018-жылкы кырсык эч нерсе эмес, ал жаңыланбаганда Бишкек толугу менен жылуулуксуз калмак. Ошондуктан Алмазбек Атамбаев мунун баарын келечек үчүн жасаган, бул долбоорлор келечекке иштейт».

Кыргызстан тышкы карызды тейлөөгө жылына 20-30 млрд. сомдун тегерегинде каражат жумшайт. Бул сумма 2025-2026-жылдары эки эсе арбый турганы айтылган.

Мурадыл Мадеминов ири долбоорлорду сындагандын ордуна бюджетти көбөйтүп, аны төлөй турган сумманы табыш керек деп эсептейт:

«Эгер өз алдынча мамлекет болуп туруп «бул карыздарды төлөй албайбыз» десек, анда аны айткан киши эмне үчүн бийликке келет? Бийликке келген адам «мен бул маселени чечем» деп туруп кызматка келиш керек. Биз карызды тейлөөгө бюджеттен жылына 300 млн. доллардай акча бөлөбүз. Быйыл да болжол менен ушунча сумма болчу, кийинки жылы 350 млн. доллардай, анан 400 млн. доллардай каражат кетет деп каралган. Эң жогорку чеги алдыңкы 7-8 жылга туура келет, ошондо карызды төлөөгө жылына 450-500 млн. доллардай жумшап калабыз. Ошон үчүн бюджетти көбөйтүш керек. Президент, премьер-министр болгон кишилер ошонун жолун тапсын, толтурсун»,-деди депутат.

Финансы жана экономика министрлиги аз күн мурдараак жарыялаган маалыматка ылайык, 2020-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4 млрд. 928,67 млн. долларды түзгөн. Мунун ичинен 4 млрд. 220,31 млн. доллар (85,44%) тышкы карыз, 708,36 млн. доллар (14,4%) ички карыз.

Тышкы карыздын 41,8% же 1 млрд. 766 млн. доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук (Эксимбанк) банкына туура келет.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (48)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG