Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 06:39

Токтонасыров: Митингге чыгуунун сатиралык жолун тандадым


Өндүрүш Токтонасыров

Активист Өндүрүш Токтонасыров 21-февралда пикетке чыкты. Анын парик кийип, аялдын образында "Издейм сени, Дашков Василий Анатольевич!" деген плакатты көтөргөн аянттагы сүрөтү социалдык тармактарда кызуу талкууланууда.

Токтонасыров "Азаттыкка" мындан ары жалгыз пикетке чыгуунун ар түрдүү жолдорун таап турарын, бул ирет "Кыргыз темир жолу" ишканасынын директору Василий Дашков тууралуу журналист Али Токтакуновдун иликтөөсүнөн кийин аялдын образын тандап алып, пикетти сатиралык мааниде өткөргөнүн айтты.

"Мыскыл иретинде аялдын образында чыкканым чын. Аны кээ бири түшүнүп, айрымдары түшүнбөй жатат. Пикетке ар дайым эле бирдей чыга бербей, сатираны да аралаштыруу керек. Коррупционерлер кандай гана болбосун жазалансын деген максатты көздөйм".

Бир нече күн мурда журналист Али Токтакунов менен Болот Темировдун "Кыргыз темир жолу" ишканасындагы коррупциялык тендерлер тууралуу иликтөөсү жарыяланды. Иликтөөдө мамлекеттик ишканадагы тендерлерди Дашковдун гана фирмалары утары баяндалат. Дашков аталган мекемеге 2020-жылдын апрель айында директор болуп дайындалган. Ага чейин директордун орун басары болуп, сырттан инвестиция тартып келүү жагын тейлечү. (BCh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG